Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Калый Молдобасанов

Баш барак | Биографиялар | Калый Молдобасанов

Калый МолдобасановКыргыз элинде байыртан эле таланттуу адамдар арбын чыккан. Алардын бири Молдобасан Мусулманкулов акын, манасчы, комузчу жана кыякчы болгон. Ал манасчы агасы Калыгулдан таалим алган. Мына ушундай салт ар бир өнөрчүдө сакталган. Молдобасандын баласы Калый да бала кезинен атасын ээрчип жүрүп анын өнөрүн үйрөнгөн.

12 жашынан эл аспаптар оркестринде ойногон. Бой тартканда Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына кирип окуган. Андан соң Чайковский атындагы Москва консерваториясын, Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.

Калый Молдобасанов бир топ жылдар Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр болуп иштеп, театрдын музыкалык турмушуна ири салымын кошкон. Ошону менен бирге борборубуздагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда педагогдук кесипте эмгектенген. Молдобасановдун көптөгөн симфониялык бийлери, сюиталары, кантаталары, аспаптык пьесалары, вокалдык чыгармалары бар.

Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары да арбын. Кыргыек, Бак тигели, Кызыл топ, Жамгыр ж. б. ырларын адамдар ырдап да жүрүшөт. Куйручук балети анын алгачкы ири чыгармасы болгон. Ал эми Саманчынын жолу балет-ораториясы кыргыз профессионал музыкасына жаңылык киргизген.

Ата-журтту сүйүү, гуманизм, баатырдыкты даназалоо идеясы музыка менен айкалышып, адамга күч-кубат тартуулайт. Ал өлкөбүздөн сырткары Москва, Ленинград, Алматы ж. б. шаарлардын театр спектаклдерине да дирижёрлук кылган. Анын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам берилген, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Манас, Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 2114, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу