Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Камбоджа

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Камбоджа

Камбоджа мамлекети туш тарабы бөксө тоолор менен курчалган түздүктөн орун алган бул өлкө Азиядагы Инди-Кытай жарым аралында жайгашкан. Климаты өтө нымдуу жана ысык. Өлкөнүн борборунда чоң, бирок өтө тайыз Сап көлү бар. Жаан-чачындуу жай мезгилинде көл ташып, көп жерге жайылып кетет. Көлдүн суусу бийик мамылардын үстүнө, бамбуктан салынган дый-кандардын үйлөрүнүн түбүнө чейин көтөрүлөт. Мындай учурда бир үйдөн экинчи үйгө кайык менен гана барууга болот. Суу каптап кеткен жерлерге сабагы өтө узун, калкып туруучу күрүч себилет. Күзүндө суу тартылган мезгилде Тонлесап көлүнүн суусу Меконг дарыясына куйбастан, тескерисинче, Меконг көлгө куя баштайт.

Оруу - жыюу убактысы башталып, дыйкан-дар күрүчүн жыйнап, балыкчылар өздөрү койгон тосмолорго камалып калган балыктарды чогултушат. Жери бат эле кургап, ар кайсы жер-де көлчүк суулар гана калат. Жай-кы аптапта буйволдор ушул көл-чүктөргө түшүп салкындашат. Кам-божанын бирден-бир чоң шаары - Пномпень. Бул жерде мурунку король сарайы, мамлекеттик мекеме-лер, Камбоджа жонундо маалымат улай ал жакта улуттук музей жана башкалар бар. Өлкөнүн жергиликтүү калкы - кхмерлердин дээрлик бардыгы кыш-тактарда жашап, айыл чарбасында эмгектенишет.

Алардын жерлери, жемиш бактары жана ого-роддорунун араларын ка-лың токой каптап жатат. Токойду жапайы пилдер менен букалар, кериктер менен жолборстор мекен-дейт. Кхмерлер токойдон отун, курулуш материа-лын, чай, лак, жыгач майын, жыгач пахтасын ^кана башка көп азыкта-рын алышат. Ошондой эле кант пальмаларынан таттуу шире чогултушат. Бул опурталдуу иш, ант-кени шире топтогонго ку-мураны бийик пальманын эң учуна бекитүү керек. Өлкөнүн түндүгүндөгү токойдо ба-йыркы храмдар көп. Алардын ичи-нен өтө белгилүүсү - Ангкор. Мурда Камбоджа олкосу Франциянын колониясы болгон. 1953-жылы коз ка-рандысыздыкка жетишкен. Камбоджа бейтарап саясат жүргүзүп, эч кан-дай согуштук чыр-чатактарга кийли-гишкен эмес.

Бирок Түштүк Вьетнам-да алоолонгон согуштун жалыны Камбоджаны да каптаган. Патриот-тук күчтөр колуна курал алышып, өлкөнүн көз карандысыздыгын кор-гошуп, 1975-жылы жазында толук женишке жетишкен, бирок бийлик-ти Пол Поттун реакциячыл тобу ба-сып алган. 1979-жылы январда Кам-боджанын Улутту куткарып калуу биримдик фронтунун патриоттук күчтөрү Пол Поттун режимин кула - тышкан. 1993-жылы жаңы конституция кабыл алынып, Камбоджа королдугу жарыяланган. Камбоджа жонундо макаланы кыргызча дайындаган Сапарбеков Р.

Жайгаштыруу: 2018-04-02, Көрүүлөр: 2802, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-02
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу