Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кан препараттары

Кан препараттары — дарылоо максатында кан ордуна куюлуучу суюктуктар. К. п. составы боюнча 5 топко бөлүнөт: 1) белоктуу (донордун плазмасы, кан сары суусу, желатиноль), 2) коллоиддүү (пектин, полиглюкин, полийинилпирролидон), 3) туздуу (натрий хлоридинин изотониялык эритмеси, Рингер-Локк эритмеси), 4) шокко каршы суюктуктар (туздуу, коллоиддүү туздуу), 5) белок гидролизаттары (гидролизин, аминопептид). 1-топтогу К. п. кан ордуна, ууланууга каршы, кан токтотуу жана парэнтералдык тамактануу үчүн; 2-тобу — кан айлануу кескин түрдө бузулганда, түрдүү ууланууда; 3-тобу — суу жана электролит балансын калыбына келтирүүдө; 4-тобу шоктун алдын алуу жана дарылоодо; 5-тобу — парэнтералдык тамактанууда колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)