Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Канада

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Канада

Канада жонундо маалымат. Бул өлкө Түндүк Америкадан орун алган. Өлкөнүн жээктерин Тынч, Түндүк Муз жана Атлантика океандары чулгап турат. Мындан 500 жыл мурда биринчи болуп Европадан француздар жана англистер Канадага Атлантика океаны аркылуу сүзүп келишкен. Алар адегенде Ыйык Лаврентий дарыясынын өрөөндөрүнөн жана Улуу көлдөрдүн боюнан орун алышкан. Азыр ал жерлерде Канаданын эң ири шаарлары: Монреаль, Торонто жана Канаданын борбору - Оттава жайгашкан. Кийинчерээк франциялык Квебек жана англиялык Онтарио деген эки ири провинция пайда болгон.

Жеринин аянты: 9985000 чарчы чакырым.
Калкынын саны: 36,29миллион адам (2016 жылкы Дүйнөлүк банк статистикасы)
Кооз жерлери: Си-Эн Тауэр, Банф, Парк Стэнли жана башкалар.

Канадада мамлекеттик эки тил - англис жана француз тили бар. Европалыктар келгенге чейин Ыйык Лаврентий дарыясынын өрөөнүндө индей уруулары, түндүгүндө эскимостор жашашкан. Индейлер жашаган жерлер түшүмдүү, токойлору илбээсинге бай, көлдөрү менен дарыяларында балык мол болгон. Индейлер дарактын сөңгөгүнөн жеңил кайык - каноэни чебер жасашкан. Токойлордо укмуштуудай тотемдер - бүтүндөй дарактан кесип жасалган эбегейсиз чоң мамылар ушул мезгилге чейин сакталган. Аларга индейлер табынуучу алакай көздүү укмуштуу жаныбардын, узун тумшук канаттуулардын жана көптөгөн түрдүү жырткычтардын сөлөкөттөрү түшүрүлгөн.

[ushka=seredina]

Сырттан келгендер кыска мөөнөттүн ичинде көптөгөн индей урууларын кырып жиберишкен. Азыр индейлердин саны өтө аз. Ал ар европалыктар сүрүп салган кичине аймактарда жашашат. Канада олкосу - өтө чоң өлкө. Жеринин аянты боюнча Россиядан кийинки орунда турат. Жеринде никель менен асбест, кобальт менен нефть, табигый газ менен атом энергиясы үчүн керектүү уран кендери бар. Өлкөнүн дарыялары жана шаркыратмалары электр энергиясынын запасына бай. Өлкөнүн заводдору ар түрдүү өнөр жай продукцияларын: реактивдүү самолёттордон жана океандарда сүзүүчү кемелерден баштап, кагазга чейин чыгарат. Жаратылыш байлыктары: нефть, түстүү металл кендери, жыгач материалдары ж. б. Канадада буудай көп эгилет. Жай айларынын аягында өлкөнүн түштүк-батышындагы зор мейкиндиктер чексиз алтын деңизге айланат. Өлкөнүн кеңири шалбааларында короо-короо кой, уйлар, үйүр-үйүр жылкылар жайылат, Ошентсе да бул жердин негизги байлыгы - токой. Өлкөнүн көпчүлүк жерин токой каптап жатат.

Канада жонундо кызыктуу фактылар:
1.Өлкө аталышынын келип чыгышы.
Француз изилдөөчүсү Жак Картье жаңы жерге келгенде, жергиликтүү жашоочулар аны канатага (kanata) чакырган, ал сөз айыл дегенди билдирген. Изилдөөчүлөр аны өлкөнүн аталышы экен деп кийинчирээк kanata сөзү Canada өзгөрүп кеткен.

2.Канада желеги
Официалдуу эмес түрдө аны клён жалбырагы (the Maple Leaf) жана французча аталышы "бир жалбырактуу" (l’Unifolié), биричин жолу 1965-жылдын 15-февралында официалдуу желек сыяктуу пайда болуп, өлкөнүн түптөлүшүнөн (1867-жыл) 100 жыл өткөндөн кийин пайда болгон. Ошол күндөн тарта жыл сайын 15-февралда Канадада Улуттук желек күнү белгиленет.

3.Канада мамлекети дүйнөдөгү эң билимдүү өлкө: жарандарынын жарымынан көбү жогорку билимдүү.

4.Канадада көлдөр абдан көп, башка өлкөлөрдүн барын кошуп туруп көлдөрүн салыштырса да Канаданыкына жетпейт. Бир гана Онтарио провинциясында 250000 көл бар. Бул өлкөнүн көлдөрү дүйнөлүк таза суу запастарынын 5тен бир бөлүгүн камтыйт.

5.Америкалыктар Канада өлкөсүнө 2 жолу кол салган (1775-жыл, 1812-жыл) жана эки жолу жеңилип калышкан.

6.Канаданын түндүк-батыш аймактарындагы авто унаа номерлери ак аюнун формасында (Canadian Northwest Territories)

7.Канаданы хоккейдин мекени дешет.
Биринчи хоккей командасы Канадада 1904-жылы түзүлгөн. Дүйнөгө атагы чыккан хоккей залы (Hockey Hall of Fame) Торонтодо жайгашып, Атактуу Стенли кубогу дал ушул жактагы музейде жайгашкан.

8.Жер шарынын башка бөлүктөрүнө караганда Канаданын көпчүлүк аймактарында жер тартылышы аз. Бул феномен 1960-жылдары ачылган. Баклим ошондон улам Канаданын дарактары бийик болсо керек?

9.Канадалык полиция жакшы нерсе жасаган адамдга оң таасирдеги билет жазып бере алат.

10.Нефть запастары боюнча Канада республикасы Сауд Аравия жана Венесуэлладан кийин 3чү орунду ээлейт.

11.Канадада рак оорусу менен оруган аялдарга акысыз тазалап-жыйноо жумуштары жасалып берилет (Cleaning for a Reason).

12.Аврил Лавин, Киану Ривз, Джим Керри, Селин Дион, Памела Андерсон, Леонард Коен - булардын барысы Канадалыктар.

Канаданын жыгачы менен кагазы дүйнөгө белгилүү. Анын токойлорунда сейрек учуроочу бак-дарактар көп. Андан үлпүлдөгөн көгүш түстүү ак карагайды, майда жалбырактуу чоң дарак - кант зараңын да кезиктирүүгө да болот. Бул жерде кызыл зараң да өсөт, күзүндө анын жалбырактары кыпкызыл түскө боёлуп, жалындап күйгөн шамга окшоп калат. Канаданын мамлекеттик желегинде да зараңдын жалбырагынын сүрөтү тартылган.

Жайгаштыруу: 2018-04-03, Көрүүлөр: 17714, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-17, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу