Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Канаттуу кабарчы

Канаттуу кабарчы — фольклордук чыгармалардын баш каармандарынын окуясы, дарек-дайны, ал-абалы жана башкалар жазылган кат-кабарларды жеткирүүчү куштар. Табияттын жапайы күчүн элестеткен ар кандай канаттуу байланышчынын кат ташып кабарчылык кылышы жөнүндөгү жөө жомоктук мотивдер түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында кеңири учурайт. Бизге жомок жана миф түрүндө жеткен мындай мотивдердин келип чыгышы жаратылыштын табигый мыйзамдарын билишпеген байыркы адамдардын анимисттик түшүнүктөрүнө байланыштуу экени белгилүү. Байыркы коомдо жашаган түшүнүгү чектелүү адамдар айбанаттарды да адам сыяктуу ой жүгүртүүгө, сүйлөшүүгө жана эс-акылдуу аракет жасоого жөндөмдүү деп ишенишкен. Айрыкча канаттуу куштар менен эпикалык каармандардын ортосундагы байланыш элдик баатырлардын туткундалып ордо (зынданда) жаткан же жарадар болгон учурдагы оор абалын билдирген катын алыста калган элине жапайы каз, торгой, көгүчкөн жеткиргендиги бир катар эпостордо салттык түрдө баяндалат. Академик В. М. Жирмунский К. к. жөнүндөгү мотивди түрк элдеринин баатырдык жомокторунда (эпосторунда) кеңири кездеше турган эң эски мотивдердин бири катары карайт. Ал эми Алтай эпосторун изилдөөчү А. Коптелов К. к-дын алтай эпосторунда болушун "көгүчкөн почточу" жөнүндөгү түшүнүктүн поэтикалык чагылышы деп эсептейт.

Түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларынын баш каармандары менен канаттуулардын ортосундагы байланышты, ал гана эмес тектештиги, жакындыгы жөнүндөгү түшүнүктөрүнөн келип чыккан көз караштардын эпостордогу калдык элестери экенин мына бул маалыматтар аныктайт: алтайлыктардын "Алтай-Буучай" эпосунда эки өрдөк, хакас элинин "Судэй-Мерген" жомогунда чабалекей, "АйМерген жана Алтын кыз" жомогунда эки үкү, бурят-моңголдордун "Гэсэринде" карга, тоту куш, казактардын "Козу Көрпеш, Баян Сулуусунда" бакма кара кучкач, өзбектердин "Алпамышында" жапайы каз, "Равшанда" кара кучкач кат ташып, кабарчылык милдет аткарат. Кыргыз эпосторунда да канаттуулар кабарчылык милдетти аткаруу менен элдик ишенимде зор симпатияга ээ. Мисалы,"Жаныш, Байышта " көгүчкөн, "Эр Табылдыда" күкүк, "Олжобай менен Кишимжанда" торгой, "Манаста" көгүчкөн аркылуу кабар бериши эпостордун байыркы жомоктук-мифтик абалына байланыштуу болот."Манас" эпосундаушуга жакын элес Коңурбай канатына кат байлап Эсенканга жиберген Карганын, кытай чегин кайтарган тыңчы-кабарчы Куу Өрдөктүн образынан көрүнөт. Эпосто кат ташыган Көгүчкөн делбей, Карга менен алмашылган мифтик кабарчынын терс мүнөзү — анын эпикалык душмандарга кызмат кылышы менен түшүндүрүлөт. Демек, кабарчы канаттуулардын эпикалык каармандар менен болгон байланышын ошол байыркы доордогу "көгүчкөн почточу" жөнүндөгү түшүнүктүн кыргыздын улуу жана кенже эпосторунда чагылган жаңырыгы катары каралууга тийиш.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)