Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Канаттуулар базары

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Канаттуулар базары

Канаттуулар базары - деңиздин жээгиндеги аскаларда ар түрдүү канаттуулардын эбегейсиз көп чогулган жери. Анын тынымга да токтобогон, ар кыл үндөргө толгон уучуусу алыстан эле угулат. Жакын келсең таң каларлык көрүнүш көзгө тартылат: көмүрдөй кара, кардай аппак сансыз көп чоң куштар аскалардын урчуктарында кыжылдап жатышат, жемге тойгон же оозуна азыгын тиштеген куштар деңиз тараптан тынымсыз келип конуп жатышса, башкалары азык издеп деңизге карай тынымсыз учуп жөнөшөт. Россияда канаттуулар базарларын Жаңы Жер аралынын батыш четтеринен, Баренц деңизинин жээктеринен, Тынч океанынын түндүк жээгинен кезиктирүүгө болот. Канаттуулар базарын мекендеген куштардын эң көбү - кайралар. Алардын түсү карала, тумшугу узун, чоңдугу өрдөктөй. Кайра аска коңулунан өзүнө жай таап, таш үстүнө эле жалгыз жумуртка тууйт. Жумурткасы тоголонуп, коңулдан түшүп кетпесин үчүн аны тегерете майда таштарды тизет. Кайранын ургаачысы менен эркеги жумурткасын кезектешип басышат, балапаны чыккандан кийин кезектешип азыктандырат. Балапаны темир канат болгондо аскадан деңизге секирип түшүп, өзүнчө азык таап жей баштайт.

Кайралар канаттуулар базарындагы өз орундарын эсинен чыгарышпайт: уялаган жерине бир нече жыл бою жаңылбай эле келишет. Окумуштуулар муну аларды шакектөө аркылуу билишкен. Аска коңулдарында кайралар менен кошо ак - жуунгуч, кара - тазалагыч чардактар уялайт. Ал эми базардын жогорку кабаттарындагы топурак кыртыштуу жерлерде олдоксон, эби-сыны жок куш - шынаа тумшуктар ийин-уясын казышат. Алардын тумшугу жоон, бир капталына жалпак келип, ийин казууга абдан ыңгайлуу. Ушунча канаттуу бир жерде тыгылып жашап өздөрүнө кантип азык табышат? Бул жерде азык мол: деңизде балык жана башка жаныбарлар көп. Куштар сууга чумкуп аларды кармап жешет. Мындай бийик аскаларга жырткыч айбандар жетиши кыйын, ал эми анда чогуу жашаган канаттууларга жырткыч куштар даап кол сала албайт. Бирок кайра, шынаа тумшук, жуунгучтардын душмандары канаттуулар базарынан да табылат.

Базардын тегерегинде ири ак чардактар - бургомистрлер, узун куйрук деңизчилер уялайт. Бул куштар башка бирөөнүн эмгегинен күн көрүүгө кыныгып алышкан. Жемсөөсүн азыкка толтуруп, уясына араң учуп келаткан кайраны көргөн бургомистр анын бет алдынан чыгып кол салат. Шашкан кайра азыгын кусуп жиберет, ал эми бургомистр болсо аны түшүрбөй илип кетет. Бул ири ак чардактар канаттуулар базарында жашагандардан ушундайча салык алып турушат. Жергиликтүү эл илгертен эле канаттуулар базарынан жумуртка жыйнашчу. Натыйжада көп жерлерде канаттуулар базары азайып, ал тургай такыр жок болуп да кеткен. Азыр деңиз канаттуулары уялаган мындай жерлер коргоого алынган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1002, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо