Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Канаттууларды бордоп семиртүү

Баш барак | Ветеринария | Канаттууларды бордоп семиртүү

Канаттууларды союуга даярдап бордоп семиртсе этинин сапаты жакшы болот, жана жаш канаттуулардын салмагы 40-60%, чоңдорунуку 20-25 %га көбөйөт. Канаттуулардын этинде толук сапаттуу белоктор 19,3 % , башка малдардын этине караганда көп болот. Тоокторду, үндүктөрдү бордогондо өзүнчө бөлүп багыш керек. Бордоп семиртүүгө дан эгиндеринин бардык түрүн, сүт азыктары, жумуртка, бышырылган картофель, кызылчанын түрлөрү ж. б. колдонулат. Айрыкча канатуулардын этин агартуучу тоюттар баалуу болуп эсептелет, алар теринин астындагы майлардын өңүн агартып , эттин товардык баалуулугун көтөрөт. Бул тоюттар: ак жүгөрүнүн, сулуунун, буудайдын уну, ушул эле дандардын өзү, тегирмендеги ундун чаңы, быштак, көк сүт, жумуртка жана башкалар. Арпа , сулуу, буудай жүгөрүнү тартылган жем ( жара тартма) катарында берсе жакшы. Жемди кургак бербей сууга, сүткө, эт – сөөктүн калдыктарынын сорпосуна аралаштырып берсе, сиңимдүү болот. 100 гр кургак жемге 130-150 гр суюктук аралаштырылат. Бордоп семиртүүдө канаттуулар өздөрү каалашынча жегидей кылып же болбосо күчкө салып машина менен жемсөөсүн толтуруу жолдору колдонулат. Канаттуулардын кыймылын азайтып клеткага кармап бордоп семиртүү эң жакшы натыйжаларды берет.

Канатууларды бордоп семиртүүнүн таблицасы:

Канаттуулардын түрү жана жашыБордоп семиртүү мөөнөтүСалмак кошуусу1кг салмакка кеткен тоют(кг)I-категориядагы эттин чыгышы %
Тооктун балапаны 400-700 гр чейинки салмакта22күн505,555
Балапандар 700 гр өйдө салмакта18күн207,530
Чоң тооктор10күн88,550
50күнгө чейинки өрдөктөр15күн255,560
Чоң өрдөктөр15күн187,550
Каздар17күн227,560
4 айга чейинки үндүктөр20күн705,245
4 айдан жогору үндүктөр18күн208,040
Чоң үндүктөр15күн149,050

Таблицадан көрүнүп тургандай канатууларды бордоп семиртүүнүн мөөнөтү 22 күндөн ашпайт. Бул жерден алардын ден соолугу таза болуп, багуу кармоо шарты жакшы болушун унутпаш керек.

Төмөндө тооктун балапандарын тюттандыруунун шарттуу түрдөгү рационун карап көрсөк (грамм)

Тоюттун түрүКанаттуулардын салмагы
0,8-1кг1,5-1,7кг
1 башка1кг салмакка1 башка1кг салмакка
Жүгөрү уну24273723
Буудай жеми15172415
Буудай улпагы10111710
Сулуу уну910149
Арпа жем16182415
Бор (үлүл кабыгы)1,4232
Туз0,811,51
Кум0,811,51
Бышкан картөшкө20212818
Бардыгы бир күнгө97гр108гр150гр94гр

Сайтка жарнама жайгаштыруу