Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кангелдиев Азамат Нурказыевич

Кангелдиев Азамат Нурказыевич (4. 7. 1957-жылы туулган, Фрунзе шаары) — саясат таануу илимдеринин доктору (1992), профессор (1993). С. Киров атындагы Казак мамлекеттик университетин (1980), Москва Мамлекеттик Университетинин аспирантурасын (1988) бүтүргөн. 1980–84-жылдары Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунда окутуучу, доцент, 1984–93-жылдары декан, 1993–96-жылдары Кыргыз-немец соода үйүндө менеджер, директордун орун басары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы инспекциясынын башкы инспектору, 1996–2001-жылдары Бишкек эркин экономикалык зонасынын начальниги, Бишкек шаарындагы бажыкананын начальниги, финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясынын директорунун орун басары, 2001–04-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы, 2004–05-жылдары Чүй облусунун губернатору, 2005–10-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетиндеда профессор, 2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)