Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каниметова Гүлайым

Баш барак | Биографиялар | Каниметова Гүлайым

Каниметова Гүлайым(1949-жылы туулган, Түп району, Тасма айылы) - артист. Кыргыз Республиканын эл артисти (1992; эмгек сиңирген арт., 1978). 1973-жылы Москвадагы Л. В. Луначарский атындагы театр өнөрү институтунун актёрдук факультетин бүтүргөн. Окуу жайын бүтүрүүчүлөрү менен Ош кыргыз драма театрын ачышкан, ал театрда 1992-жылга чейин эмгектенген. 1992-жылдан Чүй облустук Шаршен атындагы куудулдар театрында иштейт. Анын аткарган образдары өзүнүн эмоциалдуулугу, таасын табылган кайталангыс мүнөздөрү, курч сатиралык багыты менен айырмаланат. Аткарган негизги ролдору: Электра (М. Дюрко, «Электра»), Каракөз (М. Ауэзов, «Каракөз»), Жаңыл мырза (К. Маликов, «Жаңыл мырза»), Зейнеп, Официантка, Тамара (Б. Жакиев, «Күттүргөн жаз да келээр», «Жолугушуу», «Эртең жаңы жыл»), Мария (И. Друце, «Ыйыктын ыйыгы»), Настя (М. Горький, «Түпкүрдө»), Гертруда (У. Шекспир, «Гамлет»), Замзагүл (М. Карим, «Жөө Махмуд»), Дарыйка (Б. Өмүралиев, «Жүз катын»), Сейде, Асель, Алмагүл (Ч. Айтматов, «Бетме-бет», «Делбирим», «Фудзиямадагы кадыр түн»), Калыйча, Чүкөдөй, Сейдене (Т. Абдумомунов, «Ашырбай», «Жыгылган оогонго күлөт», «Алдар көсө»), Нуракова (М. Мамазаирова, «Наристеге арналган гүлдесте») жана башкалар 1989-жылы Орто Азия жана Казакстан фестивалывда аялдардын эң мыкты ролу үчүн гран при («Мцен аймагындагы айым Макбет» спектаклинде Катерина Измаилованын ролун аткаргандыгы үчүн) сыйлыгын алган. М. Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты (1989-ж.; аялдардан 1-жолу).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 544, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо