Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кантеңир тоо

Кантеңир тоосу - Борбордук жана Чыгыш Теңир-Тоонун, негизги бөлүгү Кыргызстандын, чыгыш жагы жана түштүк капталдары Кытайдын, түндүк капталдары Казакстандын аймагында. Батышынан Сарыжаз, чыгышынан Музарт өрөөндөрү, түндүгүнөн Текес, түштүгүнөн Тарим ойдуңдары менен чектешет. Узундугу 200 км, туурасы 50–60 км, жалпы аянты 10 миң чарчы/чакырым ден ашык. Башкы кырка тоолору кеңдик боюнча бири бирине жарыш жайгашып, борбордук бөлүгүндөгү Меридиан кырка тоосуна барып такалат. Батыш тарабындагы негизги кырка тоолор: Тескей Ала-Тоо, Адыртөр тоосу, Сарыжаз кырка тоосу, Теңир-Тоо, Эңилчек кырка тоосу, Кайыңды кырка тоосу, Көйкап тоосу, Майбаш тоосу, Бозкыр кырка тоосу, чыгышында: Калыктоо, Сайкал жана башкалар Кантеңир тоосу Теңир-Тоонун эң бийик бөлүгү – Жеңиш (7439 м) жана Кантоо (6995 м) чокулары жайгашкан. Эң жапыз жери 1687 м бийикте болгондуктан, бийиктик амплитудасы 5759 мге жетет. Орточо бийиктиги 3500 м. Рельефи альп тибине кирет. Неогендин башталышынан азыркы мезгилге чейинки кыймылдын негизги багыты – көтөрүлүү. Неогенге чейинки түздүктөр азыр 3000–3500 м. бийикте тектир-тектир калдык түздүк түрүндө сакталган (сырт). тоо тоому жалпысынан эң чоң антиклинорий сымал, ал өз кезегиндеги (каледондук) майда бүктөлүүлөрдөн турат. Өрөөндөр негизги структураларга жараша кеңдик боюнча жайгашкан. Сарыжаздын капчыгайы гана кырка тоолорду туурасынан кесип өтөт. Негизинен төмөнкү палеозойдо пайда болгон мраморлошкон акиташ теги, кристаллдык жана чополуу сланец, мрамор жана аларды жиреп чыккан гранит-диорит тектеринен турат. Чет жактарында неогендин кызгылт тектери да кездешет. Климаты кескин континенттик, бийиктеген сайын өзгөрөт. Жаан-чачын да ар жеринде ар кыл. Меридиан кырка тоосунун батыш капталында жылдык жаан-чачыны 1000 ммге чейин болсо, Эңилчек өрөөнүндө 250 мм гана жаайт. 3000 чарчы/чакырым жери же жалпы аянтынын 30% мөңгү менен капталган. Ири мөңгүлөрү: түштүк Эңилчек (Узундугу 59 км, аянты 613 чарчы/чакырым), түндүк Эңилчек (39 км, 203 чарчы/чакырым), Кайыңды (26 км, 107 чарчы/чакырым), Адыртөр (20 км, 75 чарчы/чакырым), Семёнов (21 км, 74 чарчы/чакырым). Кытай тарабында Темирсуу, Сайкал, Түндүк жана башкалар мөңгүлөр бар. Сууларынын көбү Таримдин алабына таандык, ирилери: Сарыжаз, түндүк Текес, түштүк Темирсуу. Ландшафты бийиктик зоналуулук боюнча өзгөрөт. түштүк капталынын этектерине 1000 мге чейин чөл жана жарым чөл, андан жогору кургак талаа жана талаа, 1300 мден жогору ички өрөөндөрүнө жана түндүк капталында токой, андан бийик субальп, альпшалбаа жана субнивалдык гляциалдыкнивалдык суук ландшафттар жайгашкан. Жаныбарлары: тоо эчки, аркар, аюу, илбирс жана башкалар Бул аймакты эзелтен кыргыздар мекендейт. Аты тоонун өтө бийиктигине байланыштуу пайда болгон: «теңирдин (асмандын) каны (падышасы)», «асман мелжиген тоо» маанисинде. ошондой эле к. Кантоо макаласын.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)