Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кантип семирсе болот

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Кантип семирсе болот

Көптөгөн адамдар арыктай албай жүрөт, бирок семирүүнү же болбосо салмак алууну каалаган адамдар дагы аз эмес, алардын катарына мисал кылып айта кетсек бодибилдерлер кирет. "Кантип семирсе болот" деген суроого жооп издегендердин арасында аялдар дагы, эркектер да бар. Албетте, камыр оокаттар, таттуудан жана эттен көбүрөөк жегиле десек оңой болмок, бирок ал андай эмес.

"Кантип семирсе болот"
-Арыктыктын себептери
-Генетика
-Жетиштүү тамактануу
-Нерв болбоо

Арыктыктын себеби
1.Генетика. Сиздин физиологиялык өзгөчөлүгүңүз. Эгер Сиздин чоң ата, чоң эне, тай ата, тай энелериңиз, өзүңүздүн ата-энеңиз арык адамдар болсо, анда сиз да, арык адам болууңуз толук ыктымал. Эгер саат тагылуучу муундун (кырк муун) айланта узундугу 14 сантиметрден кем болсо, анда сиз астеник түрүнө киресиз, сиз каалаган нерсени жесениз дагы, ашыкча салмак албайсыз.

Чечим: Эгер сиз жакшы фигура жасоону кааласаңыз, анда сиз чоңойтууну каалаган булчунга карай иштеп баштоо керек. Сыпайлуу жамбаштуу болууну кааласаңыз приседание жасап баштаңыз. Татынакай курсактын ээси болгуңуз келсе, пресс буроо машыгуусу жардам берет. Далы жана колго болгон машыгуулар дененди түз жана гармониялуу кылат.

2.Сиз жетишээрлик тамактанбай же туура эмес тамактанып жатасыз. Көптөгөн арык адамдар жетишсиз каллорияда тамактанышат: ар кандай салат-малаттарды жеп же күнүнө 5-6 жолу тамактануу, мындай бир нече бөлүккө бөлүнгөн тамактануу зат алмашуу процессин тездетип, салмак албай эле тескерисинче арыктай бересиз.

[ushka=seredina]

Чечим: "кантип семирсе болот" күндө ойлонбоңуз. Күнүнө сиз канча каллорий керектигин эсептеп чыккыла, анан ошол каллорияларды күн сайын алууга аракет кылгыла. Бирок, андан дагы маанилүүсү сиз жеп жаткан нерсе. Өз организмиңизди ар кандай таштанды менен толтуруу менен, ден-соолугуңузду бузуп аласыз. Сиздин рационуңузда белоктор, майлар жана углеводдор болушу зарыл. Семирүүнү каалаган бир абдан арык курдашым бар эле (басып жүргөн сөөк десек да болот). Интернеттен ар кандай макалаларды окуп алып, белокту көп жеш керек деп, эртең менен быштакты жеп, түштө балык жеп, кечинде жер-жемиштер менен бышкан тооктун этин жеп жүрчү. Натыйжа такыр болбоду. Мурдагыдай эле арык жана маанайы жок болчу. Таң калыштуу эмес, анткени белок зат алмашуу процессин 30% жогорулатып, арыктаганга алып келет. Качан гана рационго туура углеводдорду кошкондо, денеси татынайкай болуп толо баштаган. Оор углеводдорду кабыл алуу маанилүү. Таттууну азыраак же, таттуу витаминдерди өлтүрөт, негизинен В группасындагы витаминдер, кальций, калий. Булар пайдалуу заттардын сиңишине катышып, жаңы клеткалардын курусуна жардамдашат. Эркек киши болуп, салмак алууну кааласаңыз сиздин рацион жогорку каллориялуу болушу керек (жок дегенде 1кг салмакка 40каллорий). Мисалы: сиздин салмак 70кг болсо, а сиз 75кг болууну кааласаңыз өзүңүздүн 75кг салмакка болгон каллорияны эсептеп алуу керек: 75кг * 40каллорияга = 3000каллория. Мынча каллорияны бир күндө жеш оңой иш эмес.

Күнүнө үч жолку тамактануудан тышкары сөзсүз машыгууга 1 саат мурун оор углеводдор менен, машыгуудан кийин 20-30 чинде белоктор жана углводдор менен азыктануу керек. Жумасына 3 жолудан көп эмес машыгуу абзель, анткени булчундар машыгуу убагында эмес, эс алуу, калыбына келүү учурунда өсөт. Машыгуулардын узактыгы 45-60 мүнөт, кайталоо ортосундагы эс алуу 2 мүнөт. Сиздин машыгуу программаңыз бардык булчуң группаларын камтыган базалык көнүгүүлөрдөн болуусу жакшы.

3.Сиз каалаган себеп менен абдан көп сары-санаа болосуз. Мындай учурда нерв системасы жүрөктүн тез-тез согуусун күчөтөт. Бул кардио машыгуулар учурундагы көнүгүүлөргө абдан окшош. Албетте, натыйжа дагы ага байланыштуу болот.

Чечим: Жашоого жөнөкөйрөөк көз карашта болууга үйрөн. Күнүнө жок дегенде 5 мүнөт тынч отуруңуз, өзүңүздүн дем алганыңызды угуңуз, бош болуңуз. Статистикага таянсак, арык адамдардын көбүр холериктер. Холерик деген ким билесизби? Булар активдүү адамдар, ар-дайым шашып жүрүшөт. Ошондуктан тышкы келбетиңизди өзгөртүүнү кааласаңыз, ички дүйнөңүздү өзгөртүңүз. Йога менен машыгуу, дем алуу көнүгүүлөрү, медитациялар козголуп турган нерв системасын бир калыпка салат. "Кантип семирсе болот" деген маселе боюнча жазып өтөлү дегенибиз ушундай, акыркы чечим Сизде дегендей.

Сайтка жарнама жайгаштыруу