Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кара-Бий сурьма кенчеси

Кара-Бий сурьма кенчеси – Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кара-Бий кырка тоосунун Түндүк капталында, Кара-Жантак кыштагынан 7 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийикте. 1961–92-жылдары мезгил-мезгили менен кен издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силур жана карбон мезгилдеринин карбонаттерриген комплекстеринен түзүлгөн. Кен гидротерм таасирине дуушарланып, брекчияланган жана кеңдик багытта созулуп жаткан роговикжаспероид зонасына топтолгон. Негизги минералдары: антимонит, валентинит. Сурьманын Орточо өлчөмү 2,38%. Кен таштын болжолдуу ресурсу 29,9 миң т, сурьманыкы – 711 т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)