Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кара сан, кепшөөчү жаныбарлардын ылаңдары

Баш барак | Ветеринария | Кара сан, кепшөөчү жаныбарлардын ылаңдары

Кара-сан (эмфизематозный карбункул) малды калтыратып, булчуң эттеринин коломун чоңойтуп, шишитип, карайтып жиберүүчү жугуштуу ылаң.

Тарыхый маалымат. Кара сан байыркы замандан бери белгилүү ылаңдардан, бирок аны сибирь кулгунасы деп эсептеп келишкен 1870-жылы ылаңдын клиникалык белгилерин Ф. Шабер биринчи жолу жазган. Кара сандын эпизоотологиялык өзгөчөлүктөрүн бир кыйла толук 1875 - жылы О. Боллингер, Ш. Корневен козгогучтун касиеттерин болсо С. Арлуэн, Ж. Тома (1887-ж) изилдешкен. СССРде ылаңга каршы биринчи формол вакцинаны 1929-жылы С. Н. Муромцев сунуш кылган. Ф. И. Каган жана А. И. Колесова 1960-жылы концентрацияланган алюминийдин гидроокиси кошулган вакцинаны иштеп чыгышкан. Кара-сан дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде, ошондой эле Кыргызстанда да кездешет.

Ылаңдаткыч - узундугу 2-8 мкм, туурасы 0,6-10 мкм, келген абасыз шартта өсүүчү (анаэроб) таякча түрүндөгү бактерия. Капсуласы жок, бирок айлана-чөйрөдө спорлорду пайда кылат. Спорлор ар түрдүү шарттарга чыдамдуу келет, топуракта бир канча жылга, малдын тарпында, кыктарында 6 айга чейин күчүн жоготпостон сакталат. Күндүн түз тийген нурларынан 24 саатта , кайнатканда 2 саатта өлөт. Дезинфекциялоочу заттардын ичинен формолиндин 4%ду эритмеси жакшы таасир берет.

Эпизоотологиясы. Ылаң көпчүлүк учурда боруктар менен токтуларда кездешет. Соолук койлор менен жаш козуларда сейрек жолугат. Себеби койлордо жашы жогорулаган сайын шартка жараша ылаңга туруктуулугу күчөйт (иммунизирующая субинфекция), козуларда болсо энесинин сүтү менен пайда болот туруктуулук (колостральный иммунитет) болот. Инфекцияны козгогучунун булагы болуп ылаңдаган мал саналат, жуктуруучу себепкерлерге споралар менен булганган топурак, жем-чөп суу жана жайыттар кирет. Ылаң көбүнчө алиментардык (тамак сиңирүүчү жолдору аркылуу) жол менен малдарга жугат. Мындан башка дагы койлорго жараланган тери аркылуу козуларды бычканда жана кыркын мезгилинде кездешет. Леталдуулук 80%га чейин жетет.

Патогенез. Табигый шарттарда ылаңдаткычтын споралары жаныбарлардын организмине алиментардык жол менен же жараланган тери аркылуу кирет. Козгогучтар кан менен бүткүл денеге таралат жана дененин булчуңдуу ткандарга бай жерлеринде көп топтолот. Макро жана микро травмалар козгогучтун күч алышына шарт түзөт Гликогени көп болгон булчуң эттерде споралар өсүп чыгат. Микробдун вегетативдик формалары тез көбөйүп токсиндерди жана агрессиндерди бөлүп чыгарат. Ыландаткыч орун алган жерде сезгенүү процесси өрчүйт. Микробдор кан тамырларды бүлүнтөт жана ткандарды кыйроого учуратат. Жабыркаган ткандарда кан аралаш экссудат жана козгогучтар көбөйгөндө пайда болгон газдын көбүктөрү топтолот. Натыйжада жараланган булчуңдун ордунда тез чоңойгон, басканда кычыраган карбункул пайда болот. Жараланган жерден токсиндер жана бүлүнгөн ткандардын продуктулары канга кошулуп, организмди уулантат. Ушул себептен дененин температурасы көтөрүлөт, жүрөктүн иши начарлайт, ички органдардын, өзгөчө боордун физиологиялык функциялары бузулат. Мунун бардыгы жаныбарларды өлүмгө алып келет.

Клиникасы: Ылаңдын букма мезгили 6 сааттан 24 саатка чейин, кээде 5 күнгө дейре созулат. Кара сан негизинен курч өтөт Дартка чалдыккан булчуң эттер шишип, башталышында ысып, чыңалып чыгат. Бир аз убакыттан кийин ысыганы басылып, былбырап, кол менен катуу басканда кычыраган ун чыгат. Шишиктин үстүн каптап турган тери кургап, кочкул-кызыл түскө боёлуп, бир нече сааттан кийин карайып кетет. Шишикти жара тилгенде андан күйгөн май жыттанган, көбүктөнгөн суюктук чыгат. Ылаң кээ бирде септикалык формада тез мүнөздө өтөт. Мындай малдын деми кыстыгат, калтырайт аксайт, оозунан көбүктөнгөн шилекей агат, тиштерин кычыратат, ичи көбөт. Дарт 6-24 саатка созулуп, малдын өлүмү менен аяктайт. Кээ бирде гана ылаң 2-3 күнгө дейре созулат.

Патанатомиялык өзгөрүүлөр. Өлгөн малдын ичи газга толуп кооп оозу - мурдунан, көчүгүнөн көбүктөнгөн суюктук чыгып турат. Ылаңга тиешелүү өзгөрүүлөр скелет булчуңдарында, көбүнчө санда, сооруда, белде, омуроодо, моюнда кездешет. Дартка чалдыккан булчуңдар кочкул кызыл түстө болуп, кээ бир жерлерин кан ширеп, газга толуп калат. Жараатын тегерегиндеги булчуңдардын өңү бозомук тартып, өзгөрүлөр билинбейт. Ылаң создуккан түрдө өткөндө булчуңдарга өзгөрүлөр көп байкалбайт, өтө дыкаттык менен карап гана кээ бир кан ширеген участокторду байкоого болот. Көк боор көпчүлүк учурда өзгөрбөйт, анын тескерисинче, боор чоңоюп, күрөң же саргыч-күрөң түскө боёлот. Бөйрөктө жана жүрөктө өзгөрүлөр көп байкалбайт.

Диагноз. Ылаңдын эпизоотологиялык маалыматтардын, клиникалык белгилердин, патанатомиялык өзгөрүүлөрдүн жана лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде аныктайт

Дарылоо. Ылаңданган малдарды айыктыруу эң элэ көп кыйынчылыктарды туудурат. Көпчүлүгү айыкпастан өлүп калат. Ошондой болсо дагы дарылоо максатында хлортетрациклиндин эритмесин койдун 1 кг тирүү салмагында 3-5 мг өлчөмүндө эсептеп, күнүнө бир жолу булчуң этине куят. Булчуңга таасири көпкө сакталуучу дибиомициндин 40%дуу глицериндеги эмульсиясы малдын 1 кг салмагына 40000 ТБ эсебинде куят. Ампициллинди 0,5 %дуу новокаинде эритип, 1 кг салмакка 5000-8000 ТБ эсептеп, булчуң этке саят. Бицилин 5 ушул эле ыкма менен койдун 1кг салмагына 15000-20000 ТБ өлчөмүндө 10-15күндө кайталанып куюлат. Шишиген булчуңга 3-5%дуу карбол кислотасын же лизолду, 1-2%дуу усстектин өтө кычкылын 0,1 %дуу калий перманганатын куюу сунуш кылынат. Эске ала турган нерсе, кара санга эрте диагноз коюп дарылоону кечиктирбестен баштаганда гана ийгиликке жетишүүгө болот.

Иммунитет. Ылаң боюнча жайында болбогон чарбаларда кара санга каршы концентрацияланган формол вакцина колдонулат. Вакцинаны 3 айдан жогорку музоолорго жана 6 айдан жогорку козуларга 2мл өлчөмүндө санынын булчуң этине куят. Ылаңга каршы туруктуулук 14 күнгө пайда болуп, 6 айга чейин созулат.

Алдын ала жана күрөшүү чаралары. Ылаң чыккан чарбаларга карантин коюлат. Ылаңдуу жана шектүү койлор бөлүнүп, өзүнчө дарыланат. Инфекциянын жуктуруучу себепкерлерин жана тумоолоткучтун уюткусун аныктайт. Жайыт алмаштырылат. Дарттан өлгөн койлордун тартып териси менен кошо өрттөн жиберет. Карантиндин шарты кыйшаюуусуз аткарылат. Короо-сарайларды жакшылап тазалап, кыктарды өрттөп, дезинфекциялайт. Карантинди ылаңдан арылгандан 14күн өткөндөн жана корутунду дезинфекция жүргүзүп туруп алат.

Сайтка жарнама жайгаштыруу