Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кара-Суу слюда кени

Кара-Суу слюда кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Исфара кыштагынан 45–50 км, Кара-Суу суусунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2900–4000 м бийиктикте. 1950-ж. геол. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Силур мезгилиндеги кристаллдуу сланецтерде 360 пегматит тарамы аныкталган. Тарамдардын узундугу 50–1500 м, орточо калыңдыгы 4–5 мден 20 мге чейин. Пегматиттердин курамы шерл-мусковиттүү, мусковиттүү жана берилл-мусковиттүү. Тарамдардын тулкусунда слюданын өлчөмү 17,2 кг/м3, майдаланган слюданын орточо өлчөмү 2,2 кг/м3. Слюданын ажырашуусу канааттандырарлык. Кен 1952-ж. чейин иштетилип, 697,42 т слюда казып алынган. Слюданын запасы: категориясы боюнча С1–2315 т, С2–510 т. 1997-жылга карата баланстагы запасы С1–836 т, С2–596 т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)