Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кара таш

Баш барак | Адабият | Кара таш

Кыргыздын мифтик түшүнүгүндө, дүйнөдөгү жан-жаныбарлар абдан чаалыгып чарчаганда, же болбосо, жашоо мүмкүнчүлүгү калбай аргасы, айласы түгөнгөндө, (мисалы, "келин таш" аттуу мифтик баянда бир келин жоонун колуна түшөөрдө" "кара таш" айланат) түбөлүк жатып (уктап), ташка айланат" деп түшүнүшкөн.

Ташка айлануунун бир себеби, дүйнөдө жан-жаныбарлар күнөө өткөрсө, опсуз жаңылса "жараткандын" каргышы менен ташка айланып калат имиш. Андан бөлөк сыйкырчыларда сыйкыры менен кандайдыр бир дөөлөрдү ташка айланта алат экен. Кыргыз мифтеринде "Кара таш" же "ташка айланууда" бир түрдүү керемет күч катары эле иштелип, кыргыз мифтик баяндарын көркөмдөөгө каражат кылынган.



"Кара таш" жөнүндөгү баяндар кыргыздардын кереметтүү жомокторунда, уламыштарында (болуп да тоо, таштардын аталып калышы жөнүндөгү уламыштарда), алып айтсак, "Күйөө таш", "Кыздар ашуусу", "Чолпон-Ата" деген уламыштарда "ташка айлануу" жөнүндө баяндар айтылат.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 684, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу