Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Карабуура капчыгайы

КАРАБУУРА КАПЧЫГАЙЫ Талас Ала-Тоосунун түндүгүнүн капталында, Карабуура (Таластын оң куймасы) суусунун алабында узундугу 60 км, эң жазык жери 2–3 км, кууш жери 0,5– 1 км. Таманынын ооз тарабы 1400 м, төрү 3000 м бийиктикте жайгашкан. Капчыгай суу эрозиясынын натыйжасында пайда болуп, V сымал. Таманы Шилбилүү суусунун чатына чейин төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектерине толгон. Гранит, гранит диорит интрузия тектеринен турган капчыгайдын бийик бөлүгү терең тилмеленген. Кургак талаа жана талаа, сейрек арча-бадалдуу шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Капчыгай аркылуу Талас жана Чаткал өрөөндөрүн туташтырган автоунаа жолу өтөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)