Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Карагул ботом

Баш барак | Адабият | Карагул ботом
Ка
лык Акиев "Карагул ботом" чыгармасында адам баласы менен жаратылышта болгон өз ара мамилени көрсөткөн. Адам өзүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, чекти билбей калганда, аны бул жолдон токтотуу белгиси катары өтө, өкүнүчтүү, аянычтуу, кейиштүү, орду толгус окуяга туш болот. Мисалы:
Койбой жүрүп мергенди, ботом,
Кокуйдан чыкты өнөрүм, ботом.

Чыгармадагы мергенчинин айбанаттарды чексиз, ыксыз кырганын кейиштүү финалы чагылдырылган. Ошондой эле белгилүү образдар аркылуу жазуучу тарабынан жаныбарларды коргоо идеясы көтөрүлгөн. Демек, жаратылышта да кичинекей ботосунан айрылган далай жаныбар да так ушу мергенчинин абалында калган күндөр арбын болгон.

Мисалы:
Кулуну өлгөн бээдей, ботом,
Кууратып кеттиң, Карагул ботом.
Ботосу өлгөн төөдөй, ботом,
Боздотуп кеттиң Карагул ботом.
Бир чалдын беш уулу болот. Экөө атышып жоодо, экөө доодо өлөт. Жалгыз Карагул аттуу уулу калат. Бир чети балдарынын кайгысынан, бир чети көнүп калган кесибин таштай албай, чыдап үйдө тура албай чал мылтыгын көтөрүп тоого чыгып кетет. Атама барамын — деп Карагул ыйласа, энеси бир аз какус-кукус кылып коёт. Бала энесине таарынып, энеси тигип берген элик тонду кийип, атасын издеп чыгат. Бир топ жол жүрүп чарчап, талыкшып арчанын түбүнө уктап калган Карагулду жолу болбой келе жаткан мергенчи атасы эликтин баласы экен деп атып алат. Ошондо чал өзүнүн баласынын өлгөнүн угуп минтип кошот:
Карагул кулунум, ботом,
Убайым тартып курудум, ботом.
Ушул беле көрөрүм, ботом,
Кыска беле өмүрүң, ботом.
Эрмегим сенден айрылып,
Эмне болот көрөрүм, ботом.
Эркелик менен эригип, ботом.
Кой десе болбой жөнөдүң, ботом.
Койбой жүрүп мергенди, ботом,
Кокуйдан чыкты өнөрүм, ботом.
Мен аркар бир атып тийгиздим, ботом.
Мен аркар тон кайдан кийгиздим, ботом.
Элик бир атып тийгиздим, ботом,
Элик тон кайдан кийгиздим, ботом.
Мен артымды карабай, ботом,
Балтыркан түбү былк этет, ботом.
Балалуу элик деп койдум, ботом,
Мен ботомду жеп койдум, ботом.
Тобурчагың тор болор, ботом,
Токсондогу атакең, ботом,
Сенин тозогуң тартып, кор болор, ботом.
Аргымагың ат болор, ботом,
Алтымыштагы энекең, ботом,
Сенин азабынды тартып кор болор, ботом.
Кулуну өлгөн бээдей, ботом,
Кууратып кеттиң, Карагул ботом.
Ботосу өлгөн төөдөй, ботом,
Боздотуп кеттиң, Карагул ботом.
Адырда аркар жатканда, ботом,
Аңдып барып атканда, ботом.
Алыска кетчү куу мылтык, ботом,
Менин ардагыма түз тийип, ботом.
Айламды таппай курудум, ботом,
Амалсыздан ич күйүп, ботом.
Жеринде жатып атканда, ботом,
Жетпей калчу куу мылтык, ботом,
Менин жетимиме түз тийип, ботом.
Жетимиш жаштан ашканда, ботом,
Жексен болуп калганча, ботом,
Жерге эле как баш кирсеңчи, ботом.
Менин желегиме түз тийдиң, ботом,
Желегим өлүп ич күйдүм, ботом.
Балдыркандын бар ойлоп,
Бала деп билбей чала ойлоп.
Балалуу элик деп ойлоп,
Бараңдай сага ок койдум, ботом.
Мергендигим карачы,
Атып салдым баламды ай, ботом.
Апаң менен эжеңе,
Аркама алып барамбы, ботом.
Жалгызым сенден айрылып,
Жарык күн болду караңгы ай, ботом.
Бешөөнөн бирдей ажырап,
Как баш чал болуп каламбы, ай ботом.
Алгачкы өлгөн Дүйшөнкул, ботом,
Артынан өлгөн Мырзакул, ботом.
Эртелеп кеттиң Эбекул, ботом,
Эмгекке салдың Карагул, ботом.
Мергендиктин акыры,
Мерт таптырды мени бу, ботом.
Экөө айтышып жүрүп доодо өлдү, ботом,
Экөө атышып жүрүп жоодо өлдү, ботом.
Как баштын колу түзүнөн,
Карагул байкуш тоодо өлдү, ботом.
Ак бараТГмьштык эгемби, ботом,
Атканда көрдүм сени да, ботом.
Аңтара элик терисин, ботом,
Апаң кийгизиптир тонунду, ботом.
Качып келип сен жатып, ботом,
Катырдың менин шорумду, ботом.
Атам эки-үчтү атты деп, ботом,
Эликти аңдып жатты деп,
Бөйрөгү менен жүрөгүн,
Мага деп атам бышырып,
Кисесине катты деп.
Турчу элең чуркап жолумду тосуп,
Келчү элең бер деп колуңду созуп.
Айтпай келип артыман,
Атанды койдуң боздотуп, ботом.
Торпунун жолун торполоп, ботом,
Атамды тосом дедиңби, ботом.
Алдымдан ойноп эркелеп,
Бышырган бөйрөк, жүрөгүн,
Берет деп жолго токтойсуң.
Мен кара жолтой как башты,
Келет деп күткөн окшойсуң.
Көзүмдү туман боз чалып,
Коргошун куйма ок салып.
Томпоюп жаткан кысылып,
Тонуңдан бутуң үзүлүп.
Тооруп байкап билбестен,
Тартып ийдим мен карып, ботом.
Эртеңден бери кыдырып,
Эчтеме таппай кайрылдым, ботом.
Элик деп атсам бала экен,
Эрмегим сенден айрылдым, ботом.
Өзүмдүн кылган ишиме,
Өксүдүм өзүм кайгырдым, ботом.
Чыйырчык боздон кийипсиң, ботом,
Чырпыктын башын ийипсиң, ботом.
Чын келер атам жолу деп,
Чындап бир мени кейиттиң, ботом.
Чырпыгым сенден ажырап,
Чыркырап ыйлап күйүктүм, ботом.
Бешөөнөн калган бир жалгыз,
Чынары элең бийиктин.
Каргышына калгамбы,
Кайберен теке, кийиктин, ботом.
Күтсөм бир атам келер деп,
Көлөкөлөп жатыпсың,
Жалбырак үзүп, таш жыйнап,
Көп кызыкка батыпсың.
Атамдын жолун тосом деп,
Апаңа болбой качыпсың.
Айыл кайда, мен кайда,
Аябай узак басыпсың.
Өлүмгө жетпей өксөгүр,
Өлгөнүңчө шашыпсың.
Акыры деле барат өлүмгө,
Эмне мынча ашыктың.
Эчкисин аттым эгизден,
Серкесин аттым сегизден.
Жолукканын жөн атпай,
Жонун бастым семизден.
Ажалың менден экен да,
Айланайын бериштем.
Текесин атгым тегизден,
Тең жара аттым чекесин.
Короодон аттым кулжасын,
Кубалай келип артымдан,
Куураттың менин чал башым.
Куураган как баш дедирдиң,
Кудайым мендей кылбасын.
Арык деп эч ким атпаган,
Ээрчите келген мырзасын.
Бастырып ийдим маралын,
Байкабай элик экен деп,
Башын жедим баламын.
Кара канын чууртуп,
Кантип үйгө барамын.
Атаны арман күн болду,
Калган атакең кара жер менен,
Тең болду.
Букасын башын бургузбай,
Жуушаган жерден тургузбай,
Бугусун койбой көп аттым.
Булчуң эттен, моюндан,
Бузуп тийсин деп аттым.
Кайберенге каршыгып,
Кастарым тигип неге аттым.
Каргышы ката болбостон,
Каралдым жалгыз сени аттым.
Кайберен этин туураттың,
Карыганда атаңды,
Как жыгачтай куураттың.
Күйдүрдүң, ботом,
Күйдүрүп кеттиң сүйдүргүм, ботом.
Оо, Карагул жалгызым, ботом,
Жашында кеттиң байкушум, ботом.
Бурчтан түтүн булаттым, ботом,
Бугунун этин туураттың, ботом,
Мусапыр кылып куураттың, ботом.
Капталдан улап карасам,
Кара улак дедим кара сан.
Эликче бугуп жатыпсың,
Эңкейип өңүп карасам.
Кара канын чууртуп,
Карууга салып баратам.
Карагул аткан как баш деп,
Калкымда кимге жанашам.
Эликтин этин жедирдиң, ботом,
Элиме как баш дедирдиң, ботом.
Өлсөм турпак саларым, ботом,
Өксүсөм көлдөн аларым, ботом.
Өзөнүмдөн ай батып, ботом,
Өчтүңбү күйгөн панарым, ботом.
Атып алдым сени деп,
Апаңа кантип барамын.
Кара бет эжең чыркырап,
Канакей десе бөбөгүм,
Кандайча жооп табамын.
Ой, Карагул чырагым,
Ойронум чыккан убагым.
Үйгө кантип барам деп,
Ордуңцу сыйпап турамын.
Ушак менен өзөктөн,
Кутулбай калды кулагым.
Ушул күнгө туш кылып,
Умсунтуп кетти улагым.
Урушу менден арылбас,
Улуу эжең Зууранын.
Улгайып калган кезимде,
Үшкүрүк тартып куурадым.
Түбүнөн сынды чырпыгым,
Түтүндө калды мылтыгым.
Уча элек темир канаттуу,
Өзөндөн учтуң чымчыгым.
Аркамдан сени ээрчитип,
Асылын көрчү убагым.
Айлыма как баш атандым,
Айламды кандай кылайын.
Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 11753, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу