Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Каракол суусу Жумгал району

Каракол суусу, Жумгал району, Батыш-Каракол – Ички Теңир-Тоодогу суу, Көкөмерендин сол куймасы. Жайыл, Жумгал райондору аркылуу агат. Узундугу 89 км, алабынын аянты 1230 чарчы/чакырым. Кыргыз Ала-Тоосу менен Карагатты тоосунун кошулган жеринен башталып, анча кууш эмес өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Туюк-Ала-Арча, Сөөк, Ашуу-Ала-Арча, Шили-Суу, Сокулук, Чаар-Таш жана башка Майда куймалары көп. Жылдык орточо чыгымы 19,7 м3/сек, эң көбү 56,9 м3/сек, эң азы 7,03 м3/сек. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Боюнан Кожомкул атындагы кыштагы орун алган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)