Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Каролина аралдары

Каролина аралдары – Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү архипелаг, Микронезияда. Каролина аралдарында Микронезия Федерация штаттары (Борбордук жана Чыгыш Каролина аралдары: Косрае, Понпеи, Трук, Яп) жана Палау Республикасы жайгашкан. 1–10°С түндүк кеңдиктин жана 131–163°С чыгыш узундуктарынын аралыгында жайгашкан 936 аралдан (же аралдар тобунан) турат. Жалпы аянты 1320 чарчы/чакырым. Калкы 100 миңден ашуун (2000). Жанар тоодон пайда болгон ири аралдары (бийиктиги 791 мге чейин): Бабелтуап, Понапе, Кусаие, Яп, Трук. Фосфат кендери бар. Климаты экватордук жана субэкватордук. Дайыма жашыл тропик токою, саванна өсөт. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн. Балык кармалат. Каролина аралдарында европалыктардан алгачкы жолу 1528-жылы испан деңиз саякатчысы А. де Сааведра болгон. Испан королу Карл 11нин урматына аталган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)