Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кашка чымчык

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кашка чымчык

Кашка чымчык жонундо маалымат. Бул чымчыкты айылдан да, шаардан да көрүүгө болот. Кышкысын ал сөзсүз терезе алдына учуп келет да учуп-конуп: Тышта суук, жем жок, чымчыктар үчүн акырчага жем чачуучу мезгил келди - деп эскерткенсийт. Ал эми жайкысын көзгө өтө сейрек чалдыгат. Бул ак жаак кичинекей чымчык жайдын узун күнү кечке жаны тынбайт, анткени ачка балапандарын тойгузуу керек да. Ал эми балапандарынын саны он бешке чейин жетет. Бир жайда эки жолу балапан басып чыгарат. Ошентип, кашка чымчык уядан алма дарагына, андан кайра уяга тынбай учат. Курт табары менен тиштеп алып балапандарына жөнөйт. Кашка чымчыкка кышкысын жем чачып туруу керек, алар үчүн жасалма уяларды илип койсо, андан да жакшы. Кашка чымчыктар жемден башка сөөктөгү эт калдыктарын, майды да жактыра чокулап жейт.

Ага өтө туздалган азык берүүгө болбойт, туздалган тамак-аш калдыктарын жесе өлүп калышы мүмкүн. Кашка чымчыктар дын уруусу чоң. Анын кидик, гренадёр, лазаревка, чоң кашка чымчык, гаичка деген түрлөрү бар. Гаичканы үрпөк-тыбыт деп да аташат. Ал чымчык эмес эле көгүш түстүү бир үзүм тыбыт сыяктанып көрүнөт. Үрпөк-тыбыт токойдо дарактардын кодулдарында жашайт. Чыйпылдап бутактан бутакка учуп-конуп, андагы курт-кумурскаларды, коңуздарды, көпөлөктүн жумурткаларын терип жейт.

Үрпөк-тыбыттар тоңкулдакка коңшу жүргөндү жактырышат. Анткени көңүлдүү, курсагы да ток. Тоңкулдак токойду жаңыртып тумшугу менен даракты койгулаганда кабык, чамындылар туш-тушка чачырайт. Кабык алдындагы курт-кумурскаларды тоңкулдак терип үлгүрө албайт. Алар үрпөк-тыбыттарга олжо болот. Тоңкулдакты токой дарыгери, кашка чымчыктарды токой санитары деп койсо да болот.

Жайгаштыруу: 2018-04-05, Көрүүлөр: 2149, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу