Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Касымбеков Бейшебай

Баш барак | Биографиялар | Касымбеков Бейшебай

Касымбеков Бейшебай(1933-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) - ветврач, ветеринария илимдеринин доктору (1990), профессор (1993). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991). К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн (1955). 1955-жылы Жалал-Абад зоовет-мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы. 1956—60-жылы Дөң-Талаа ветеринариялык участкасынын башчысы.

1960—68-жылы Тоң районунун башкы ветврачы. 1968—70-жылы Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, 1972—76-жылы сектор башчысы, 1970—72-жылы Тянь-Шань мал чарба тажрыйба ст-нын директорунун илимий иштер боюнча орун басары, 1976—80-жылы директору. 1980—82-жылы Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер; 1982—85-жылы лаборатория башчысы, 1985-жылдан Кыргызстан ветеринария илимий изилдөө институтунда лаборатория башчысы. Анын илимий эмгектери айыл чарба малдарынын гельминтоз ыландарын иликтөө, аларды дарылоо, алдын алуу, дарылоо-профилактикалык проблемаларына арналган, 64 илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, 6 сунуш, 1 инструкция) автору. 1993-жылдан ветеринария жана биология илимдери боюнча атайын советтин төрагасы. Эл аралык информация академиясынын (Москва) корр. мүчөсү (1992). 1994-жылдан Кыргыз Республиканын ветеринария ассоциациясынын вицепрезиденти. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 710, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу