Кат жетпей калды

Апенди Багдадда жүрүп, айлындагы молдодон кат алат. Катта молдо ирак килемин жана да ирак шайысын сата кел дептир. Акчасы азбы, же молдонун сыры белгилүүбү, айтор, Апенди килем да, шайы да албай кур келет. Анын келгенин угаар замат молдо Апендиникине кыдыңдаган бойдон чуркап барат. Апенди аны көрө сала: - Молдоке, килем менен шайы сата кел деген катыңыз мага жетпей калды! - деп, актанып жибериптир.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)