Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кекилик жана чил

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кекилик жана чил

Кекилик, чил деген эмне? Мунун орусчасы куропатка дейт. Кекилик менен чил - биздин тоолорду мекендеген кооз илбээсиндердин кеңири таркаган түркүмдөрүнөн. Кекилик - кыргоолдор тукумунун тооктор түркүмүнө кирүүчү канаттуу. Анын салмагы 350-700 грамм. Жону жыбыр көгүш. Капталдарында жарыш кеткен жол-жол кара темгилдери бар. Эркегинин төшү кара, ургаачысыныкынын төшү боз. Тумшугу менен буттары боёп койгондой кыпкызыл. Кекилик Балкандан Кытайдын тоолоруна чейин, Кавказда, Борбордук Россияда жана Тувада кеңири таралган. Караган-буталуу, аска-таштуу тоолорду, адырларды мекендейт.

Уясын жерге - бетеге же башка караган-бутанын түбүнө салат. Тогуздан он экиге чейин жумуртка тууйт. Балапанын 23-25 суткада басып чыгарат. Көк чөп, жер жемиштин уруктары менен азыктанат. Чил кекиликтен кичирээк, жону боз, куйругу кызгылтым, кыска. Кышкысын топтошуп оттошот. Жазында экиден жуп болуп бөлүнүп кетишет.

Он тогуздан жыйырмага чейин чаар ала жумуртка тууйт. Чил да кекиликтей эле 23-25 суткада балапан басып чыгарат. Кекилик менен чилди тапталган куш, кыргыйга алдырышат, мылтык менен атып алууга да болот. Бирок аларды коргоп, өтө азайып же жок болуп кетпөөсү үчүн кам көрүү керек. Ансыз деле алар көптөгөн душмандарынан - түлкүдөн, жырткыч куштардан жашырынып, күн өткөрүшөт. Кекилик, чил жонундо маалымат болгону ушу. Маалымат аз болсо да, толук болсо да оюңарды айтып койгула. Шилтемелер: Кекилик учар суусу, кекилик жонундогу экинчи макала

Жайгаштыруу: 2018-04-10, Көрүүлөр: 2020, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо