Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кемируучулор

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кемируучулор

Кемируучулор деген эмне? Узундугу 5 см, салмагы бир нече грамм болгон кипкичинекей чычкан жана узундугу бир метрге, салмагы 30 кгга. Жеткен кемчет шамдагай, сергек тыйынчычкан жана ийнелүү эби-сыны жок чүткөр (дикобраз), токой барак куйругу жана боздоң сууру, ысык даркан талаалар менен чөлдөрдү мекендеген кош аяк, суук тундрада жашоочу лемминг, ондатр менен ала чычкан, сазчыл кунулар... Чоңдугу, кебетеси, жашоо мүнөзү ар башка болгон бул жаныбарларда кандай жалпылык, окшоштук болушу мүмкүн? Булардын баары - кемирүүчүлөр. Аталышы эле бул жаныбарлардын кантип азыктана тургандыгын билдирип турат. Кемирүүчүлөрдүн дээрлик баары өсүмдүк менен азыктанышат. Аларды таанытуучу эн биринчи белгиси - тиштери. Кемирүүчүлөрдө азуу тиштер болбойт, бирок кашка тиштери узун, бекем жана абдан курч. Алар мокоп, тукулданып кетет, бирок башка жанысы чыгат. Кемирүүчүлөрдү бардык жерден: алыскы түндүк менен аптаптуу чөлдөн, бийик тоолор менен чытырман токойлордон учуратууга болот.

Кемирүүчүлөрдүн көбүн, өзгөчө чычкан сымалдарын жырткыч куштар, биринчи эле үкүлөр жейт. Түлкү менен арыс чычкан сыяктуу куну терилүү айбандар да кемирүүчүлөр менен азыктанышат. Кемирүүчүлөр жок болсо бул жырткыч айбандар ачка өлөт. Кемирүүчүлөрдүн айрымдары да баалуу терилүү айбан болуп эсептелет. Тыйын чычкан менен кемчеттин, ондатра менен сазчыл кунунун териси өтө баалуу. Кемируучулор жонундо маалымат ушундай достор.
Кошумча шилтемелер:
Чума оорусу, суу чычкан, кирпи, кемирүүчүлөр-2

Жайгаштыруу: 2018-04-11, Көрүүлөр: 1724, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу