Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кен ачуу

Кен ачуу – жердин тереңдигиндеги кенге жетүү үчүн жүргүзүлүүчү иштер. Мында үңүлмө менен транспорттун байланышын, жумушчулардын катнашын чыңдоо жана жумушчу орундарды таза аба менен жетиштүү санда камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Капиталдык жана жардамчы казмалар ишке киргизилет. Жер бетинен башталган шахта стволу, штольня – негизги, алардан кенди көздөй казылганы (квершлаг, гезенк, бромсберг, жантайма) жардамчы казма болуп саналат. Даярдык көрүүчү штректер кендин баалуулугуна, жардамчы казмаларга, транспорттук горизонттун санына, жер бетинин рельефине, кен таштын өлчөмүнө, тереңдигине, кен кабаттарынын саны менен аралыктарына байланыштуу болот. Ыкманы тандоодо геологиялык түзүлүштөр, тоо-кен техникалык факторлор эске алынат. Капиталдык чыгымдарды азайтуу шахта курууну тездетүү, кенди толук казып алуу жана башка тоо-кен иштерин долбоорлоодо каралат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)