Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Керимжанова Бүбү Дыйканбаевна

Баш барак | Биографиялар | Керимжанова Бүбү Дыйканбаевна

Керимжанова Бүбү Дыйканбаевна(1920, Пржевальск району, Бирлик-Черик айылы, азыркы Ак-Суу району, Бөрү-Баш айылы -1994, Бишкек ш.) - кыргыз адабиятчысы, сынчы, филология илимдеринин кандидаты (1950). Кыргызстан Илимдер Академиясынын корр. мүчөсү (1954). Кыргыз педагогикалык жумушчу факультетин (1937), Кыргыз мамлекеттик педин-тту (1941), Москва коомдук илимдер академиясын (1950) бүтүргөн. 1941жылдан Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатында инспектор, Ысык-Көл облустук Эл агартуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз ССР жогорку Кеңешинин Президиумунун референти болуп иштеген.

1944—47-жылы аспирант, андан кийин Кыргызстан Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1951—76-жылы сектор башчысы болуп иштеген, 1985-жылдан пенсияда. Кыргыз адабиятынын тарыхы жана теориясына арналган ондон ашуун китептердин (анын ичинде 7 монография), 100 басма табактан ашуун илимий макалалардын автору. 10-класс үчүн кыргыз адабиятынын окуу китебин жазган. К. изилдөөлөрүндө Ысык-Көл боюндагы кыргыздардын оозеки акындык чыгармачылыгын пайдаланып, аймактын айрым р-ндорунда фольклор жыйноо жана системага салуу иштерине катышкан.

Профессионал адабияттын өнүгүш тенденциялары, көрүнүктүү кыргыз акын-жазуучуларынын чеберчилигин изилдөө сыяктуу олуттуу проблемаларды камтыган ар кыл илимий маселелердин үстүндө иштеген. «Кыргыз поэзиясынын рифмасы», «Кыргыз ыр түзүлүшүнүн кээ бир маселелери», «Адабият жана көркөм чеберчилик», «Жоомарт Бөкөнбаев», «Семетей жана Сейтек», «Кыргыз макал, лакаптары» жана башкалар илимий эмгекгери жана илимий-популярдуу китептери бар. Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген кызматкери, эл агартуу отличниги, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 775, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу