Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

керметоонун жылдыздары

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | керметоонун жылдыздары

Созу Т. Мияшовдуку

Обону Т. Эшпаевдики.

Саратанда качпай ысык аптаптан,

Салаа, салаа суу жетелеп шакшактан.

Жарышып танда чыккан талаага,

Жабыркабай оссун дешип ак пахтам.

Пахтазардын уздары,

Керметоонун кыздары.

Керметоонун кыздары.

Керметоонун, Керметоонун жылдыздары,

Кайрат кучу калышпаган жигиттен,

Какырларды эмгек менен жибиткен.

Ата-Журттун ар-намысы, эли учун,

Алтын байлык жаратышкан чигиттен.

Алтын колдуу уз баары,

Керметоонун кыздары.

Керметоонун жылдыздары.

Пахтазарда жылдыз болуп жанышкан,

Пахтазардан бак-таалайын табышкан.

Ар бироону комсомолдук той кутуп,

Жигиттердин журогуно от жагышкан.

Айылдын ак кыздары,

Ак суйууго кунарлуу,

Керметоонун жылдыздары.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 850, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо