Кесип зыяндуулугу

Кесип зыяндуулугу — адамдын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна эмгек процессинин же өндүрүш шарттарынын жагымсыз таасир тийгизген факторлору; ал белгилүү шартта кесип ооруларын пайда кылып, жалпы ооруларды күчүркөнтөт. Санитария-гигиеналык жактан технологияны жакшы билбегендик, айрыкча уулуу жана аллергия пайда кылуучу синтезделген заттарды, жаңы сырьёлорду пайдалануу, технологиялык режимди, санитария - техникалык нормативдерди бузуунун жана башка натыйжасында келип чыгат. К. з-на: чаң, ызы-чуу, дирилдөө, жогорку жана төмөнкү температура, абанын өтө нымдуулугу, атмосфера басымынын жогорулашы жана төмөндөшү, уулуу жана радиоактивдүү заттар, иондоштуруучу нурлануу, электр-магниттик толкундар, микроорганизмдер жана башка кирет. К. з. эмгек процессине, анын уюштурулушуна, узактыгына, нервге, көзгө, кулакка күч келүү жана башка менен да байланыштуу. К. з-нан эмгекке жарамдуулук азайып, катуу кармаган жана өнөкөт оорулар, уулануу, жалпы оорулар көбөйөт. Социалисттик коомдун шартында эмгек шарттарын жакшыртууга, К. з. жоюуга багытталган чаралар жүргүзүлүүдө. Автоматташтыруу жана механикалаштырууда илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин иш жүзүндө пайдалануу менен өндүрүштөгү К. з. жоюлууда жана азаюуда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)