Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көбөгөнов Абдыашым

Баш барак | Биографиялар | Көбөгөнов Абдыашым

Көбөгөнов Абдыашым(1913, Чолпон-Ата болушу, азыркы Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы,-1992, Бишкек ш.) - артист, режиссёр жана драматург. Кыргыз ССР эл. артисти (1967). Жумгал, Нарын, Жалал-Абад, Ысьпс-Көл театрларында көркөм жетекчи жана актёр болуп иштеген. 1952-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист. 1974-76-жылы директор.

К. ар түрдүү драмальпс, трагедиялык жана сатиралык пландагы каармандардын образын түзгөн кеңири диапазондуу актёр. Ал эпостук тарыхый чыгармалардан: Саринжи (К. Эшмамбетов, «Саринжи»), Курманбек, Ак хан, Додон, Карабек корбашы (К. Жантөшев, «Курманбек», «Каныбек»), Түлкү, Калматай (К. Маликов, айыл Куттубаев,«Жаңыл»), Фрунзе (К. Маликов «Бийик жерде»), Дадый (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»); орус классикасынан Каренин (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Дикой (айыл Островский, «Добул») жана башкалар образдарды түзгөн. Режиссёр катары жылы Бөкөнбаевдин «Токтогул», К. Жантөшевдин «Курманбек», «Ким кантти», Н. Гоголдун «Үйлөнүү», Т. Абдумомуновдун «Борбаш», К. Маликовдун «Осмонкул», «Бийик жерде», Т. Абдумомуновдун «Жыгылган ооганга күлөт», жылы Садыковдун «Күйөө жолдош» жана башкалар спектаклдерди койгон. К. «Туткун Каныш», «Болот менен Тынар», «Алмагүл», «Ким экен» жана башкалар пьесалардын автору. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 692, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу