Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көгүчкөн

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Көгүчкөн

Когучкон жонундо маалымат. Куштун сүтү болобу? Силер албетте жок деп айтасыңар. Куштун сүтү тууралуу сөз болгондо эмнегедир болбой турган иш деп айтышат. Ошентсе да куштун сүтү болот. Көгүчкөндөр балапан чыгарган кезде алардын жемсөөсүндө коюу сүткө же суюк быштакка окшогон бир нерсе пайда болот. Ушул сүт менен алар балапандарын азыктандырышат.

Көгүчкөндүн атын чыгара турган дагы бир касиети бар: ал 500 чакырым же андан да алыс жерден кайра өз түнөгүнө жолунан адашпай учуп келе алат. Почточу көгүчкөн адамдарга жүздөгөн жылдар бою кызмат кылып келген. Азыр кабарларды радио, телекөрсөтүү, телеграф, поезд, учак, телефон жана интернет менен жеткирет, телефон аркылуу дүйнөнүн бардык жери менен сүйлөшө аласың, ошондуктан почточу көгүчкөн өз маанисин дээрлик жоготту.

Когучкон жонундо ангеме жазса да болот, бирок экинчи дүйнөлүк согуш убагында көгүчкөндөр билдирүүлөрдү жеткирүү үчүн пайдаланылган болчу. Ал тургай Японияда түн ичинде учууга жөндөмдүү көгүчкөндөрдүн эки породасын чыгарышкан, мындай аба почточусун душман түнүчүндө көрүп ата албайт, ал күндүз учкан жырткыч куштарга да жем болбойт.

Почточу, кооздук жана эт үчүн өстүрүлүүчү көгүчкөндөрдү адам жасалма жол менен чыгарган. Булар - бакма көгүчкөндөр. Бирок жапайы көгүчкөндөр да көп. Мисалы биздин токойлордо алагүү, көк көгүчкөн, токой көгүчкөнү, бактек өңдүү көгүчкөндөр да жашайт, Алардын тышкы көрүнүшү, чоңдугу ар түрдүү, бирок алардын организминин түзүлүшү жана жашоо шарты окшош. Көгүчкөндөрдүн бардыгы балапандарын куш сүтү менен азыктандырышат. Когучкон тууралуу маалымат ушундай достор.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-04-16, Көрүүлөр: 7348, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу