Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көкчаар (форель)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Көкчаар (форель)

Алабуга деп да аталат. Шар аккан тоо сууларын, ошондой эле көлдөрдү мекендейт. Кыргызстандагы өзөн суулардын көбүндө, Ысык-көлдө жана ага куюучу сууларда жашайт. Ысыккөлдөгү көкчаар балыктары көлдөн өзөн-сууларга өрдөп жана андан кайра көлгө кайтып турушат. Көкчаар апрель айынын акырында уругун суудагы өсүмдүк жана таштын арасына, кээде көлдүн терең жерлерине таштайт. Көкчаар суудагы балыр, курт-кумурска, моллюска, үлүл, муунак буттуулар жана алардын личинкалары менен азыктанат. Ысык-көлдө көкчаардын эки түрү бар, алардын айрымдарынын узундугу 48-50 см, салмагы 3кгга жетет. Өзөн суудагы көкчаар кичирээк келет. Чоңдорунун салмагы жарым килограммга жетет.

Көпчүлүгү ала көгүш түстө, кабырчыктары жок. Суунун агымына каршы жакшы сүзөт. Урук таштоо учурунда жогору карай сүзүүсүнө эч нерсе тоскоол боло албайт. Тоң суусундагы балык заводу көкчаарды жасалма жол менен көбөйтүүдө. Бул жерде балыктын уругун атайын бассейнде өстүрүп, чоңоё түшкөндө сууга коё берилет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 791, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу