Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Көкжору

Көкжору (Gypfetus barbatus) – кажылар жорулар уруусундагы куш. уз. 1,14 смге жетет. Тумшугу узун, мыная сымал Кыргызстанда К. Тянь-Шань, Памир, Алай тоо кыркаларында жолугат. К. отуруктуу куш. Уясында 1-2 жумуртка тууйт. Басып чыгарган балапаны бир айга уяда болот. Ал өлгөн жаныбар менен азыктанат. Бул түрдүн азайып кетиши жайлоолордогу жапайы ири жаныбарлардын жана үй жаныбарларынын азайышына байланыштуу.1968-ж-дан тартып К. корукка алынып, Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине кирелген.

Күрөң аюу (Ursus arctos) – аюулар тукумундагы сүт эмүүчү. Дене уз. 2,55 бийиктиги өркөчүндө 1,35 см, салмагы 600 кгга жетет. Кыргызстанда бул түр Тянь-Шань, Алай, Памир тоолорунун кыркаларында кенен таралган. Көбүнчө Арпа, Аксай, Алай, Сарыжаз, Чаткал жана башка тоолордун кокту колотторун жана сырттары мекендейт. Аюулар бадал арасында, аска тоолордун этектеринде жана бийик алкактарда кезигет. Суусар жана башка жаныбарлар жана жапайы дарак, бадал мөмөлөрү менен азыктанат. Азыркы а-нун саны бардык жерлерде бирдей эмес, мындай таралышы жашаган жеринин ыңгайлуулугуна жана алардын негизги душманы мергенчилерге байланыштуу. Ошондуктан алар бир жерден экинчи (азыктуу тынч) жерлерге ооп жашайт. Кеч күзгө чейин семирип, кышында узакка созулган чээнге кирет. К. а. кууту июнь-июль айларында жүрөт, 3 жашында куутка катышат. Ургаачылары чээнге киргенден кийин, декабрдын аягында, январда уйку абалында бирден экиге чейинки мамалагын туушат. Мамалагы чала уйкуда жаткан энесинин эмчегин эмип, бат чоңоет. Күзгө чейин мамалагынын салмагы 30 кгга жетилет. К. а-нун баалуу эти, майы, териси сандарынын азайып кеткендиктен. Бул түрдү сактап калуу үчүн, 1963-ж. өкмөт тарабынан аларды атууга, кармоого тыюу салынган. 1975-ж. аларга тийбей, коргоо максатында к. а. Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине киргизилген.

Кооз тоодак (сhlamydotis udulata) - тоодак уруусундагы куш. Тоодактан бир топ кичине, бирок тулку боюнун түзүлүшү кооз. Салм. 2400 гга чейин жетет. Кыргызстандын аймагында сейрек жолугуучу түр. Биринчи жолу бул түрдү окумуштуу В. Н. Шнитников 1957-ж. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен көргөн экен. К-тын түз, ачык, жарым чөлдүү талааны мекендейт. Бул түр Борбордук Азияда Казахстандын мейкиндиктеринде кенен таралган. Уяда көбүнчө 2-3, чанда 5 жумуртка тууйт. Жылын бир жолу төлдөйт. Ал өсүмдүк бутактары, жалбырактары, уруктары жана коңуздар, кескелдириктер жана башка менен азыктанат. Бардык жерлерде саны азайгандыктан КМШнын Кызыл китебинин тизмесине киргизилген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)