Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көл

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Көл
Көл — чуңкуру же ойдуңу суу менен толтурулуп, түздөн-түз деңиз менен байланышы жок, гидросферанын компоненти болгон, табигый ыкмада жаралган көлмө.

Көлдөргө дарыялар, суулар, жер астындагы булактар, жаан-чачындар куят. Ушул суулар бир ойдуңга чогулганда «көл» жаралат. Көлдөр ар түрдүү болот, көлдү лимнология илими изилдейт. Дүйнөдөгү көлдөрдүн саны 304 миллионго жетет (2023), анын ичинде бетинин аянты 0,1-10 гектар болгон майда көлдөр дагы бар.

Планетологиянын көз карашы боюнча көл — бул өлчөмдөрү деңиз менен көлмөнүн ортосунда болгон, суюк фазадагы зат менен толтурулган, убакыт жана мейкиндикте туруктуу жашаган объектти билдирет.

Географиянын көз карашында — суу агып келип топтолгон кургактыктагы туюк чуңкурду билдирет. Көлдөр дүйнөлүк океандын бөлүгү деп саналбайт.

Көлдөрдүн химиялык курамы салыштырмалуу узак мөөнөт бою туруктуу болгону менен, дарыялардан айырмаланып, аны толуктаган зат сейрек алмашат, ал эми андагы агымдар режимин аныктаган басымдуулук кылган фактор болбойт.

Көлдөр өзүнүн котловиналарында кирген суу кармап калып, башка мезгилде кайра берүү менен дарыялардын агымын тууралайт. Көлдөрдүн сууларында түрдүү химиялык реакциялар жүрүп турат. Бир элементтер суудан түбүнө чөгөт, башкалары — тескерисинче. Бир катар көлдөрдө, негизинен агып чыккан суусу жоктордо, суунун бууланышы жогорулап туздардын концентрациясы көбөйөт. Натыйжада, көлдүн минералдашуусу жана туздук курамы кыйла өзгөрөт.

Ири көлдөрдүн суу массасынын кыйла жылуулук инерциясынын эсебинен жакын аймактардагы климат жана температура жумшарып, метеорологиялык элекменттердин жылдык жана мезгилдик термелүүлөрү азаят.

Көл чуңкурунун формасы, өлчөмү жана рельефи түбүнө тунмалар чогулганда кыйла өзгөрөт. Өсүмдүктөрдүн өсүүсү рельефтин түздүктүү, ал гана эмес дөңсөө болгон жаңы формаларын түзөт. Көлдөр, өзгөчө суу сактагычтар көп учурда жер астындагы сууларга тирөөч/тосмо түзүп, жакынкы кургак аймактардын саздануусуна алып келет. Органикалык жана минералдык бөлүкчөлөрдүн үзгүлтүксүз топтолуусунан улам, көл түбүндө калың тунмалар чогулат. Булар көлмөлөрдүн өнүгүүсүндө жана алардын сазга же кургактыкка айлануусунда өзгөрөт. Белгилүү бир шарттарда органика тектүү тоо тектерине айланат.

Жер шарындагы эң терең көл — Сибирдеги Байкал. Анын тереңдиги 700мден ашат.

Ээн жана кургак талаада туюк көлдөр көп. Алардан суу агып чыкпагандыктан, туюк көлдөр деп аталат. Көлгө куйган суу бууланып, тузу көл түбүнө чөгө берет. Айрым көлдүн суусунда туз ушунчалык көп болгондуктан, өсүмдүктөр менен жаныбарлар жашай алышпайт. Ошондуктан Жакынкы Чыгыштагы ошондой бир көлдү Жансыз көл деп аташкан. Виктория көлү экватордо, Африканын дээрлик борборунда жатат. Дүйнөдө аянты боюнча ушунчалык зор жана тайыз бир дагы көл жок. Анын орточо тереңдиги 40м. Виктория көлүнүн түндүк бөлүгү абдан тайыз, тереңдиги бир нече гана метр келет. Суусу түбүнө чейин жыл бою жылуу болуп турат. Жылуу сууда сансыз көп балырлар өсөт. Көп балыктар ошол балырлар менен азыктанышат.

Бийик тоодогу көлдөр борпоң тоо тектер менен жарлар урап, тоо суусу аккан кууш өрөөндү бөгөп калуунун натыйжасында пайда болот. Too көлүнүн суусу таза жана муздак келет. Ал суу көлгө бийик тоолуу мөңгүдөн агып түшөт. Мындай муздак сууда көкчаар (орусча форель) балыгы жакшы жашайт. Алар сууда жашаган майда жандыктарга караганда, көлдүн үстүнө түшкөн чымын-чиркейлер менен көбүрөөк азыктанат.

Бийик-бийик тоолордун койнунда орун алганына карабай кышкысын суусу тоңбогон, дүйнөдөгү эң ири тоо көлдөрүнүн бири — биздин Ысык-көл. Анын эң терең жери 668м, орточо тереңдиги 278,4м. Мындан тышкары Кыргызстанда ажайып кооздугу менен элди өзүнө тарткан Соңкөл, Чатыркөл, Сары-челек сыяктуу көлдөр да бар.

Жер астында да көлдөр бар. Жер астындагы суу үңкүрлөргө толуп, көлдү пайда кылат. Адам колунан жаралган жасалма көлмөлөр да көлгө окшоп калат. Алар — сууларды плотина менен тоскондо пайда болгон чакан көлдөр, ошондой эле гидроэлектр станциялардын бийик плотиналары чоң дарыяларды тоскондо пайда болгон абдан зор суу сактагычтар. Ангара дарыясындагы Братск плотинасы — дүйнөдөгү эң чоң суу сактагыч. Мында Братск ГЭСи курулган. Кыргызстанда Ортотокой, Токтогул ж. б. суу сактагычтар бар. Суу сактагычтар — адамдардын колунан жаралган жасалма көлдөр. Булар шаар менен талаага суу берип, электр станциялардын иштөөсү үчүн зарыл болгон сууну топтойт.

Классификациясы

Келип чыгышы боюнча бөлүнүшү:

Абалы же жайгашуусу боюнча:

Суу балансы боюнча:

Минералдашуу түрү боюнча:

Суунун химиялык курамы боюнча минералдык көлдөр кийинкидей бөлүнөт:

Көлдөгү заттардын азыктуулугу (трофтуулук) боюнча үч түрү белгиленет:

Заманбап гидрологияда жана гидроэкологияда трофикалык классификациялоонун орто деңгээлдерин белгилешет: мезотрофдук (олиготроф менен эвтроф ортосу) жана гипертрофдук.

Кыргыздар жер көркүн «көл» ачат дешкен. Эзелтеден көлдөрдү ыйык көрүшүп, алар жөнүндө уламыш, ырларды жаратышкан (Ысык-Көл уламышы, Чатыр-Көл уламышы). Мындан тышкары кыргыздар ак кууларга окшоп, көлсүз жашай алышкан эмес. Алар сулуу өзөн, ажайып тоолор, оолуккан шар сууларды, кыйма-чийме адыр тоолор, тунук көлдөрдү бойлой жашаган.

Кыргызстандын көлдөрү:

Жер шарындагы көлдөрдүн жалпы аянты кургактыктын болжолдуу 2,7% түзүшүмүмкүн (болжолдуу 4,1 млн км²). Көлдүн чоңдугун көбүнчө суу бетинин аянты боюнча баалашат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 705, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу