Коенаалы

Коенаалы — «Манас» эпосундагы каарман, Көкбөрүнүн баласы. Бала баатыр катары Манас дүйнөдөн кайткан мезгилде бир катар көрүнүктүү иштерди аткарат. Манастын өлгөндөгү зыйнатына Төштүк, Кошойду чакырат жана ал зыйнатка баргысы келбеген анжыяндык кырк эшенди зордук менен айдап келет. К-нын баатырдыгы, балбандыгы Сайкалды Манастын зыйнатына алып келгенинен көрүнөт. Мурда Манас менен беттешип жеңилгенде Сайкал, эгерде Манас өзүнөн мурун дүйнөдөн кайтса кырк күн зыйнатына турууга жана тигил дүйнөлүк жары болууга ант берген. Манас өлөрүндө Каныкей Ажыбайды ага кабарга жиберет, бирок Сайкал убадасында турбай, Ажыбайды сабап кайра кубалап, Манастын зыйнатына туруудан баш тартканда К. өзү кабарга жөнөйт.

Сыр найза колго алганмын

Ошондо көмө сайгамын,

Кырк чоросун кыйратып,

Алмамбеттен башкасын

Ошондо байлап алгамын (Саякбай Каралаев, 2. 24),— деп Сайкал өзү мактангандай, эч кимден эч качан жеңилбеген Манасты да кезегинде жеңген Сайкалдын капыстан качырып келип сайган найзасын бучкагына теңебей, анын өзүн тебетейдей бөктөрүп опоңой гана жеңип алып, Манастын зыйнатына келүүгө мажбурлайт. Дүйнөлүк эпикалык чыгармаларда өзгөчө түрк-моңгол эпосторунда эң соңку муундун өкүлү бала баатырдын өтө кыйын чыгышы, мурунку муундун эң кыйын баатыры аткара албаган ишти иштеп, алар жеңе албаган жоону оңой эле багындырып коюшу — типтүү көрүнүш. Бала баатырдын атасын жеңген же өлтүргөн душманды (анын ичинде Сайкалдын тибиндеги аял баатырлары да) жеңип келүүсү якут, алтай, хакас элдеринин эпосторунда кездешүүчү мотивдерден. Мындай мотив Орто Азиядагы түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин эпосторунда да учурайт. Мисалы, казактардын «Кобланды баатыр» эпосунда башкы каарман Кобландыны Көбүктүн кызы Карлыгач кулата саят. Кобландынын баласы алты жащар Бөкөнбай аны оңой эле жеңип, колго түшүрүп келет. Көпчүлүк эпикалык чыгармаларда мындай алп бала баатырлар өздөрүнүн кызуу кандуулугу, өз боюна ашкере ишенген баатырдыгы менен байкоостон, жаштайында каза болушат. К. да ушундай кырдаалдын курманы болот. Каныкейдин кармаганына болбой, дүйнөдөн өтүп бараткан аяш атам менен коштошом деп, колун катуу кармайт. Ошондо жаш бала К-га Манастын көзү тийип, ал көп өтпөй курман болот. Көз тийүү мотивине манасчы экинчи бир төмөнкүдөй мотивди кошот. Балага көзү өткөн Манас анын атасы Көкбөрүгө кайрылат:

Менин айткан сөзүмө

Көнөсүңбү Көкбөрү,

Кыямыттык дос элек,

Коёнаалы чыракты

Бересиңби Көкбөрү?

Берип ыраа сен көрсөң

Достум ай, канжыгама чалайын,

Ичиңди жыйбай жакшы бер

Чырагымды жолдош кылып алайын!

Колума кармап жалгызды,

Кыяматтык тар жолдо

Достумдан алган белек деп,

Ушуну кармап барайын (Саякбай Каралаев, 2. 248).

«Семетей» бөлүмүндө Манастын тигил дүйнөлүк жары Сайкал, жаш бала К. анын көрүндө бирге жатканы айтылат. Байыркы элдерге таандык Евразиядагы айрым археологиялык эстеликтерден уруу башчылар, өкүмдарлар менен бирге ага тигил дүйнөдө кызмат кылууга аялы, жакын нөкөрлөрү көргө кошо коюлганы белгилүү. Ошол салт боюнча Манастын көрүндө Сайкал менен К-нын кошо жатышында кандайдыр бир байланыш бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)