Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кун желеси

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кун желеси

"Кун желеси" - тумчуктурган аптап ысыктан кийин, кара булут каптап, жаан куюп жиберди. Жаан басылганда уясына батып бараткан күн жер кылаасынан жарк эте түштү. Ушул учурда тиги алыстап кеткен кара булуттун астынан алп жаа сыяктуу нерсе учтары жерге карата ийилип, күн желеси пайда болот. Анын бири-бирине билинер-билинбес куюлушкан тилкелеринен ачык жети түрдүү кызыл, кызгылт сары, сары, жашыл, көгүлтүр, көк, кызгылт көк, түстү көрүүгө болот. Күн желеси деген эмне? Абада мындай укмуш кантип пайда болот? Мунун себепкери - күндүн жарыгы. "Кун желеси" күн жарыгы ак сыяктуу көрүнгөнү менен, чындыгында ал жети түстөн турат. Күндүн нурлары аба аркылуу өткөндө, бизге ак жарык болуп көрүнөт. Бирок алар жаандын тамчысына туш келди дейли.

Жаандын тамчысы болсо формасы жагынан призмага - геометриялык фигурага окшошураак келет. Күн нуру айнек призма же суу тамчысы аркылуу өткөндө, андагы түстүү нурлар ар түрдүү бурч боюнча сынып чагылышат. Кызыл түстөгү нурлар эң аз чагылса, кызгылт көк түстөгү нурлар бардыгынан көп чагылат. Ошентип, ак жарык түрдүү түстөгү жарыкты, ал эми асманда күн желесин пайда кылат. Ийилген күн желесинин четки тилкеси адатта кызыл болот да, ичин карай ар түрдүү түстөрдүн, эң четинде көк жана кызгылт көк түстөрдүн кубулма спектри көрүнөт. "Кун желеси" жөнүндө Каныкей Эралиева эжебиздин аткаруусундагы сонун ыры бар.

Күн желеси ыр
Сөзү, обону?
Түнү бою жамгыр жаады,
Жарым мүнөт басылбай.
Тереземден тунук тамчы,
Акты бала жашындай.

Эртең менен көлчүк болуп,
Асман чайыттай ачылды.
Чынар терек улутунуп,
Чачты жерге атырды.

Кайырма
Учкан куштар канатынан,
Күн желеси көрүндү.
Күн желеси (эки жолу)
Узарт кыска ий өмүрдү.

Таза чайкап тамчы сууга,
Татына куш үндөрүн.
Таңдан тынбай сайрашууда,
Таттуулугун үндөрүн.

Тамылжыган асман таза,
Тама таза, то таза.
Тил жетпеген бул сулуулук,
Тирүүлүккө ий даңаза.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 25777, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-02-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу