Күүсүн эртең угасың

Апенди бир алып-сатар ачкөз соодагердин дүкөнүнө ууруга кирмек болуп, дүкөндүн кулпусун өгөөлөй баштайт. Аңгыча тааныш бирөө өтүп баратып, эчтеме түшүнбөй тура калат: - Апенди, эмне кылып атасың? - дейт ал. - Кыяк тартып атам - деп, жооп берет Апенди. - Күүсү угулбайт ко - дейт тиги. - Күүсүн эртең угасың, - дейт анда Апенди. Эртеси чын эле «түндө дүкөндү тоноп кетиптир» деп, эл дуу-дуу болуп калган экен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)