Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Күрүч (шалы)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Күрүч (шалы)

Күрүчтү Түштүк-Чыгыш Азиянын элдери бир нече миң жылдан бери өстүрүп келе жатышат. Күрүчтүн мекени - Индия менен Индокытай. Индилер шалыны жөөктөргө кантип өстүргөнүн Александр Македонскийдин жоокерлери көрүшкөн. Күрүч Индия менен Кытайда ушул мезгилге чейин көп айдалат. Күрүч суугат жерге эгилет. КМШ өлкөлөрүндө күрүч приморье крайында, Казакстанда, Орто Азияда, Волганын томен жагында жана Кубань дарыясынын куймасында айдалат. Бул жылуулукту сүйгөн өсүмдүк үчүн жогорку райондopдун күнү ысык, сугарууга суусу жетиштүү.

Нымдуу жерге сээп, өсүмдүгү 15-20 смге чейин өсүп чыкканда, анын учун суу көмбөгөндөй кылып аянтка сууну толтурат. Шалы суунун ичинде кантип өсөт? Анын тамыры үчүн аба өтө зарыл эмеспи. Көрсө, шалынын тамырларында аба өткөрүүчү атайын көңдөйчөлөрү болот экен. Шалынын үрөөнүн тим эле жайылып жаткан сууга да себүүгө болот. Эгерде көчөттөрдү атайын бөлүнгөн жерге өстүрүп, кичинекей көчөттөр плантацияга тигиле турган болсо бир эле аянттан жылына эки же үч сапар түшүм алууга болот.

Түшүм жыйноого эки же үч жума калганда, шалы аянтындагы сууну сарыктырып салышат. Шалыны машина же кол менен оруп алууга болот. Күрүчтүн даны катуу, бекем жабышкан жука кабыкча менен капталган. Бул кабыктан күрүчтү арылтуу керек. Ошондо күрүчтүн укмуштай аппак даны пайда болот.

Андан палоо, ботко даярдалат. Күрүчтөн крахмал, кант, спирт, жана упа алынат. Шалынын саманы да баалуу. Андан абдан жука, өтө бышык кагаз, жогорку сапаттагы картон жасалат, саманынан сумка, жайкы калпак токулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2427, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу