Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой мырзалар

Баш барак | Гороскоп | Кой мырзалар

Бийликтүү жана күчтүү, кой белгисиндеги мырзалар өз максатына жетүү үчүн баардыгына даяр. Керектүү натыйжага жетиш үчүн митаамдыкка жана алдамчылыкка да барышы мүмкүн. Көпчүлүк учурда кой белгисиндеги мырзалар өз жолунда, жок жерден өзүлөрүнө оорчулук жараткандыгын сезишпейт.



Алоолонуп жанып, бирок ошол эле убакта салкын сезимдүү, кайсы гана аял болбосун - бир, эки дегенче өзүнө буруп алат. Чыгармачылык идеялары жана чексиз энергиясы, ошондой эле чыдамсыздык жана өзүнө тың мүнөздөгү үлүштөрү, кой белгисиндеги мырзаларды өз айланасындагыларга жана тааныбаган адамдарга жылдыздуу көрсөтөт. Эгер кой белгисиндеги мырзаларга ар кандай шарттар өз тилектерине жетиш үчүн жолто болсо, алар ушунча чыдай алгыс, ушунча эгоист жана талап кылгыч болуп калат.



Ал эми сүйүү жагынан болсо, кой белгисиндеги мырзалар дайыма баш-оту менен чөмүлүп, бүт бойдон шериктештине аралашып кетүүгө даяр, бирок ошого карабастан сыртынан өзүнүн алоолонгон мүнөзүн жана сезимдерин көрсөтпөшү мүмкүн. Сырткы жооштугу ички сүйүү сезимдерин билгизбей катып турат. Ар убакта ал жападан жалгыз сүйүүсү бар экенине үмүттөнүп турат, ошондуктан өз сезимдерин идеалдаштырып жана романдаштырууга ийилип турат. Ички дүйнөсүндө сентименталдуу кой белгисиндеги мырзалар чын жүрөктөн бирөөнү сүйүп калганда, өз сүйгөнүнө абдан ишенимдүү, чын дилинен абийирдуу болот. Алардын адатына бир нече фронттогу жеңил флирт кирбейт. Андай болгон күнү да, баарыбир кинодон көргөн же чоң-ата, чоң-энелеринен уккан чын сүйүүгө умтулат. Чыныгы романтик болуп, өз сүйүүсүнөн да романтикалык сезимдерди каалайт.



Өзү тандаган сүйгөнүнө болгон жылуу мамилелерге жана сүйүүгө карабастан, кой белгисиндеги мырзалар өз жашоосунда толук эркиндикти талап кылуу менен, эч качан башка аялдар менен баарлашуудан баш тартпайт жана эч качан өз сүйгөнүнө мындай эркиндикти бере албайт. Өзүнүн үстүндөгү бийликти кабыл албай, ал өзүн дайыма бийик сезет. Баш ийүүгө көнбөгөн, башкарууну жакшы көрөт. Бирок ушул мүнөздөрдүн сапаттары жана артыкчылыктары - жөн эле толук баалу эмес комплекстердин калканчасы же далдоосу, ушуну өз мойнуна алгандан коркот жана эч качан мойнуна албайт. Дал ушул себептен кой белгисиндеги мырзалар өзү тандаган сүйгөнү тарабынан моралдык жардамга, түшүнүүгө, ишенимдүүлүккө муктаж, жана ушул эле сезимдерди өз сүйгөнүнө кайрып бере алат.



Кой белгисиндеги мырзарлар менен болгон сүйүү мамилелери - оор дилемма, бул дилемманын ичинен кой белгисиндеги мырзалардын тандаган сүйүүсү эки карама-каршылыктын алтын ортосун табышы абзель. Аялдарга мындай мырзалар менен мамиле түзүүгө, сырдуулукту аралыкта кармоо зарыл, бирок ошол эле убакта сүйүүнүн бүткүл күчүн сезүү максатында аларга ушунчалык да жакын болуу керек.



Кой белгисиндеги мырзалар супер аял сезимдерине ээ болгон айымды эңсешет, бирок ошол эле убакта андай айым лидерликке көз артпай, өз жигитине назик жана мээримдүү болуу менен көз карандысыздуу, өзүнө тың жана башка мырзаларга таандык мүнөздөрдү камтышы зарыл. Кой белгисиндеги мырзалардын сүйгөндөрүнө, мырзасын бутунан башына чейин түшүнө билип, анын көз карандысыздыгын колдоп, импульсивдүүлүгүн мокотуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1616, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу