Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой өстүрүүнүн мааниси

Баш барак | Ветеринария | Кой өстүрүүнүн мааниси

Кой чарбасы - эт, жүн, тери берүү менен баалу. Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда - 3,7 млн кой бар. Адам баласы койлорду болжол менен он мин жыл мурда багып баштаган. Койлор: Архар, Муфлон, Аргали деген жапайы кайберендерден келип чыгышкан. Койдун тамак жечү органдарынын өзгөчүлүгүнөн улам алар майда чөптөрдү калтырбай жешет. Мисалы 600 чөптүн ичинен койлор 570 түрүн жешет, жылкы - 82, уй - 56 түрүн гана жей алышат. Кой козусун 150күн көтөрөт, көбүнчө жалкы кээде эгизден тууйт.

Романов породасынын койлору 3-4 (кээде7-9) козу тууйт. Козулардын өсүшү тез болот, алардын туулгандагы салмагы 15-20 күндөн кийин 2 эсе көбөйөт. Породасына жараша козулардын бир суткадагы өсүшү 200-400 граммды түзөт. Токтулар жыныс жактан 6-7 айлыгында жетилет, бирок куутка 1,5 жашында киргизген туура болот. Орто эсеп менен койлор 12-15жыл жашайт, чарбада болсо негизинен 6-7 жыл пайдаланылат.

Дүйнө жүзүндө азыр койдун 600 породасы бар. Кыргызстанда болсо: Кыргыз уяң жүндүү кою, Тянь-Шань Алай койлору, аз санда гиссар, эдельбай койлору өстүрүлөт. Көп жерде жергиликтүү куйруктуу кылчык жүндүү койлор кездешет. Ысык-Көл областында: Кыргыз уяң жүндүү кою жана гиссар менен эдельбай койлорунун аргындары өстүрүлүүдө. Кыргыз уяң жүндүү кою - М. Н. Лущихин жетекчилик кылган окумуштуулар тобу 1932-жылдан баштап 1956-жылга чейин иштеп чыгышкан. Бул породаны түзүүгө жергиликтүү кылчык жүндүү койлор менен уяң жүндүү кочкорлор колдонулган (Сибирь уяң жүндүү, Прекос, Вюртенберг, Грозный жаны Кавказ породалары) Бул породанын койлору жайыттарга ылайыкташтырылган.

Кочкорлору 95-100 кг, соолуктары 5 5-60 кг салмакта болот. Жүн берүүсү: кочкорлордон 10-12кг, соолуктардан 4-4,3кг. Жүнү 60-64 сапатта. Кыргыз уяң жүндүү койлорунун келечеги кен, себеби уяң жүнгө ар дайым суроо-талап болуп турат. Жүндүн баасы дүйнөлүк рынокто 200 сомдун тегерегинде.

Жүндөн тышкары ак койдун териси кара койдукуна караганда ар дайым 2-3 эсе кымбат болот. Гиссар жана Эдельбай породаларынын аргындары эт-май багытындагы койлор. Акыркы кезде куйруктуу кочкорлорду колдонуу менен фермерлер эт проблемасын чечип жатышат. Аргын козулар тез жетилип, ак койдун козуларына караганда тың болушат. 7-8 айлык козулар 45-50 кг салмакта болушат.

Базарда эт кымбат болгондуктан, азыркы күндө куйруктуу аргын козулар, койлор фермерлер үчүн абдан пайдалуу, себеби салмагынан, эт менен майдан утуш болот. Кемчилиги - жүнү териси баа болбойт. Бирок кийиз жасаганга жана кол өнөрчүлүккө кара койдун жүнүн сурагандар бар. Жогорудагы айтылгандарды эске алып , кандай кой багыш керек экенин , кайсыл багыттагы койлор экономикалык жактан пайдалуу болоорун фермерлердин өзүлөрү чечиши керек.

Сайтка жарнама жайгаштыруу