Кой тикен (Acanthophyllum) — өсүмдүктөрдүн чеге гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал, кээси көп жылдык чөп, жалбырагы тикендей, шибегедей учтуу, сабагына тушташ жайгашкан. Гүлү майда, желекчеси 5, аталыгы 10, энелиги 1. Топ гүлү — калканчадай же шыпыргыдай. Мөмөсү — кутуча. Түркмөнстанда жана Батыш Памирде бездүү кой тикен кездешет. Кыргызстанда 5 түрү өсөт. Тамырындагы сапонин тамак-аш жана жеңил өнөр жайнда жуугуч каражат катары пайдаланылат. Кыргызстанда өскөн кадимки жана шыпыргыдай кой тикен — көп жылдык камгак чөп. Шыпыргыдай Кой тикен сапониндүү, тамырынан самын алынат. Көп түрү — балдуу өсүмдүктөр.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер