Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой жана текечер

Баш барак | Гороскоп | Кой жана текечер

Бул союз эсеп аркылуу курулат. Бир өнөктөш экинчисинен материалдык абалды издейт. Түгөйлөр гармонияда болуу үчүн, өз ара милдеттерди так аныктап, лидерди тандап алуу зарыл. Мамилелердин жакшы жакка өнүгүүсүнө, жумуш жаатында кызматташтыкка умтулууга, чыгармачылыкта же үй-бүлөөдө бир максаттын болушу жакшы жардам берет. Максат барда Койлор менен Текечелер бирге кадам шилтешип, бир болушат.



Бул өнөктөштүктө эки жактын компромисске бара билүүсү маанилүү. Койлор өз иш-аракеттеринде импульсивдүү жана кыймылдуу, Текечер болсо, тескерисинче, - сак жана эстүү. Бул адамдардын ортосундагы романтикалык мамилелер дайыма түшүнбөстүк менен ууланат, бирок иш жаатындагы жетишкендиктер бийиктикте болот.



Койлор жашыруун өз күчүнөн күмөндөр болот, ал эми Текечерлер тынчсызданууга дайыма жаңы себептерди берип турат. Андан тышкары, Текечерлер Койлордон тартипти талап кылып, ак ниет көрүнүштөрүнө жүгөн салганга аракет кылат. Бул түгөйлөрдүн биримдиктүү жашоосунда, дайыма ачык асман боло бербейт, бул алардын карама-каршы темпераменттери менен түшүндүрүлөт. Койлор типтүү холерик, ал эми Текечер болсо түзөтүлгүс пессимист. Текечердин жанында Койлор зээригип кетет, а Текечерге Койлордун жөн жайдан эле тобокел кылуусу жакпайт. Катуу расчет менен романтика, реалдуулук менен идеалдуулук кошулат десек болот.



Ошого карабастан бул түгөйлөр бири-бирин эң жакшы толуктап турат. Койлор Текечерлердин көнүлүн ачат, Текечер болсо Койлорду моралдык жактан көтөрөт. Хаос тартипке келип, ал эми тартипке ар түрдүүлүк киргизилет. Бул мамилелер көпкө чейин созулушу мүмкүн, бирок мындай орундашуу түгөйлөрдүн бир шериктешин тажатып, мамилелер кыйрайт. Айрыкча биринчилерден болуп Койлор чыдабай кетет.



Койлор жан эргиткен көркөм мамилелерге жөндөмдүү, Текечер болсо акылдуу жана баамчыл. Ошого карабастан Текечерлердин курч акылы Койлорго күч-кубат бербейт, анткени ал жаралуу жана ызаланма.



Эгер өз ара мамилелердин лидери аныкталбаса, бул эки белгинин өкүлдөрү арасындагы конфликтер айрыкча турмуш жаатында көп чыгат.



Койлор болгон күч кубатын жумшап, суу багытына каршы сүзгөн балыктай болуп өз максатына умтулат. Текечер болсо өз максатына жетүү жолунун маршрутун жана иш-аракеттерин көпкө чейин пландап, башка жол менен барат. Бирок бигелешип иштөө менен, бул экөө чоң ийгиликтерге жетишиши мүмкүн. Текечерлер - чыныгы стратег жана кубаттоочу, ал эми Койлор болсо - тактик жана Текечерлердин кылдат пландарынын аткаруучусу. Бул түгөйлөр бир максатка умтулуп турганда - булар мыкты жана продуктивдүү команда. Көп учурда Текечерлердин шамдагай башкарып турганын байкабай, Койлор өзүлөрүн кырдаалдын кожоюуну деп сезишет. Ошондой болсо да, Койлор... Текечер сүйгөн мындай тартипте узак убакыт жашай албайт. Бир күнү Койлор мындай план менен жол тартууну токтотот, ушунусу менен Текечерлердин жинин келтирет.



Кой белгисиндегилер күйөөсү, ал эми Текечер белгисиндегилер аялы болгондо, эң гармониялуулураак жана жакшыраак үй-бүлөөлүк бирикме болот. Анткени Койлорго үй-бүлөөнүү камсыз кылуу шартуу, а Текечерге бул процесстердин үстүнөн башкарып туруу оңой.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1327, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу