Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой жана жаачы

Бул түгөйлөр бактылуу жана ийгиликтүү болууга эң сонун мүмкүнчүлүктөрү бар. Койлор жана Жаачылар ортосунда өз ара бири-бирине көп жылдарга созулуучу кызыгуулар бат эле пайда болот.



Бул тандемде Жаачы мугалимдин ролун аткарып, эркиндикти сүйгөн Койлор баарын таң калтырып, ага оңой баш иет. Андан тышкары, Жаачынын бийиктигин мойнуна алып, Койлор болгон күч кубаты менен ага умтулат. Жаачы Койлор үчүн идеялык кубаттоочу боло алат да, ар кандай арыздашуулар болуп калса, Жаачы айкөлдүгүн көрсөтүп, ынтымакташууга биринчи барат.



Булар үчүн эң жакшы жашоо чөйрөсү - бул чексиз майрам атмасферасы. Тиричилик жашоо бул гармонияны бузат. Андан тышкары, Кой дагы, Жаачы дагы - интрига жасоонун сүйүүчүлөрү, мындай адат, үй-бүлөөнүн бекемдөөсүнө оболго болбойт. Экөө тең чыдамсыз жана чечкиндүү, ошондуктан бул экөөнүн ортосундагы чыр-чатактар аз эмес.



Бирок бул биримдик, кыйырына чейин романтикага толуп турат. Жаачы менен Койлордун сүйүүсү өзүнө баарын камтыйт, ички дүйнө, сырткы дүйнө дегендей. Бул сүйүү экөөнүн ар тараптан өнүгүшүнө олуттуу түрткү болушу мүмкүн. Жаачы үчүн Койлор - сүйүктүү наристе, таза чыгармачылык, жарык жана назик нерсе. Ал эми Жаачы Койлор үчүн - үлгү алуучу, тарбиялоочу, жаңы билимге жол көрсөтүүчү. Бул түгөйлөр кандай гана иш болбосун, эң жакшы өнөктөш, сезимталдуу сүйүүчүлөр жана чыныгы достор.



Жаачы менен Койлор ажырашса да, чыр-чатак уюштурбайт. Айрыкча, бири-бирине жылуу сезимдерди сактап, адамдык мамилелери улана берет, жана келечекте бири-бирине ар кандай жардам көрсөтүүгө даяр.



Социалдык жактан болсо Койлор менен Жаачылар бири-бирин сөз менен гана эмес, материалдык же финансалык жактан да колдошот. Бирок чынында, бул жаатта өзүнүн материалдык камын көрүп, Койлорду өз амбициялык максаттарына жетүү үчүн колдонуп, Жаачы лидер болууга аракеттенет.



Үй-бүлөөлүк жашоого болгон көз караштары бул эки түгөйдүкү өз өзүнчө. Жаачынын баш ийүүсүнө даяр экенине карабастан, Койлордун өзгөчө кежирлигинин себеби болуп, майда-чүйдө уруштар боло берет. Бирок, бул майда талаш-тартыштар биримдикти бекемдеп, алоолонгон элдешүү менен бүтөт. Ошондуктан, олуттуу келишпестиктердин пайда болушу менен, түгөйлөр бири-бирин колдоп чоң күрөшкө чыгышат. Жана кайсы гана түйшүк болбосун жеңишке жетишет.



Эки зодиак белгисиндеги адамдардын тандеми, Койлордун кубаттулугунда, жана Жаачылардын сезимдүүлүгүндө курулат. Жаачы эсептейт, ал эми Кой аткарат. Күчтөрдү бириктирүү менен бул түгөйлөр баардыгына жетет десек ашык болбос.



Үйлөрүндө тынчтык жана достук болуш үчүн, койлор менен жаачыларга өз активдүүлүктөрүн жашоонун башка жаатында ишке ашыруу зарыл, мисалы - жумушта. Бул учурда коломто оту көп жылдарга чейин өчпөйт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 865, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо