Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коёнкөзов Ашырбай

Баш барак | Биографиялар | Коёнкөзов Ашырбай

Коёнкөзов Ашырбай(1907, Каракол уезди, азыркы Түп району, Токтоян айылы -31.12.1943, Ленинград облусу, Карамышев району, Ручьи айылы) - панфиловчул чалгынчы, партизан, гвардиянын улук сержанты. 1941-жылдан советтик Армияда. 316-аткычтар дивизиясынын составында Улуу Ата Мекендик согушка кирип, Москваны коргошкон. Душмандын тылына нечен жолу чалгынга барып, 1942-жылдын аягына чейин жеке өзү 138 гитлерчини жок кылган, 15 фашистти туткундаган жана аскердик башка тапшырмаларды орундаткан. 1943-жылдын ноябрынан 7Ленинград партизандар бригадасынын 2-партизандар отрядында рота командири. Фашисттер менен салгылашта курман болгон. Кызыл Жылдыз жана 1966-жылы (өлгөндөн кийин) 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени менен сыйланган. Бишкекте бир көчө анын ысымында.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 763, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу