Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кокум бий

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кокум бий

Кокум Багыш уулу (туулган жылы белгисиз - 1620-26-жылдар чени) - туштук кыргыздарынын улугу, саясий ишмер. Санжыра боюча анын атасы Багыш Тагай бийдин Жанкороз (Карачоро деп да айтылат) аттуу уулунан торолгон. Кыргыз-казак биримдигин тузууго жана Эр Эшимди хан которууго жигердуу салым кошкон. Эшим хандын эн ишенимдуу адамы катары 17-кылымдын башында он эки капкалуу Ташкен шаарынын жана Туштук кыргыз урууларынын улугу болгон. Калмак баскынчыларына каршы согушта кол баштап, эрдиктерди корсоткон. Ташкен шаарына кыргыздар менен казактарды отурукташтыруу, бул шааардын социалдык-экономикалык маселелерин чечуу учун эрежелер жыйнагын туздургон. Жыйнак эл ичинде «Кокумдун коктомосу» деген ат менен белгилуу болгон. Анын саясий таасири ото жогорулап баратканын коро албаган Ташкендеги казактын Жаныш уруусунун улугу Карабайтик уу бердирип олтургон. Соогу Ташкен шаарынын (азыркы Шайхантаур району, Карлыгач мазары) четине коюлуп, Эшим хандын буйругу менен чон кумбоз салынган. Кумбоздун тобосу кок сыр менен сырдалгандыктан, «Кокумдун кок кумбозу» деп аталган.

Бул кумбоздун калдыгы азыркы кунго чейин сакталып калган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4695, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу