Көл

"Көл" табынуу - Табиятка жана анын кубулуштарына сыйынуу - бул элдин суу жүрөктүгүнөн же мажүрөлүгүнөн чыккан эмес. Муну кыргыздар адамдын денеси менен санаа-дээрин тазартуунун жолу жана айлана-чөйрө менен эриш-аркак, шайкеш жашоо деп билишкен.

Теңирге сыйынган ыкласмандар, диниятчылар, бакшылар сүкүт салуунун ырахат-лазатын, андан кандай кудурет - илеп мээр аларын байыртадан мыкты билишкен. Биздин бабаларыбыз кооз, күч бере турган касиеттүү жерди тандаганды, табият сулуулугун билген, ошону менен коюндаш жашаган. Жер көркүн "көл" ачат дешкен. Эзелтеден көлдөрдү ыйык көрүшкөн жана алар жөнүндө сонун уламыш, ырларды жаратышкан. Кыргыздар ак кууларга окшош, көлсүз жашай алышкан эмес. Алар сулуу өзөн, ажайып тоолор, оолуккан шар сууларды, кыйма-чийме адыр тоолор, тунук көлдөрдү бойлой жашаган.

Көлдөрүнө кооз аттарды беришкен. Мынакей байыртадан бери бабалардын байырлаган көлдөрүнүн аттары: Алтын-Көл, Кыргыз нуру, Кыргыз-Көл, Айдың-Көл, Бай-Көл, Сүт-Көл, Сонор-Көл, Көкөндөр, Кыз-Көл, Аян-Көл, Ала-Көл, Көк-Көл, Жылуу-Көл, Ак-Көл, Ыйык-Көл, Аксүт-Көл, Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек ж.б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)