Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Компьютер жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Компьютер жонундо маалымат

"Компьютер жонундо маалымат". Компьютер адамга караганда миллион эсе тез эсептөө жүргүзө ала турган электрондук түзүлүш. Компьютер алгач биз киргизген маалыматтарды кабыл алып, аны пайдалануучу үчүн түшүнүктүү кылып кайрадан иштеп чыгат. Алгачкы компьютерлердин көлөмү ушунчалык чоң болгондуктан, бир бөлмөнү толук ээлеп, пайдаланганга ыңгайсыз болгон 1960-жылдардан тартып, микроэлектроника тармагынын өнүгүүсүнө байланыштуу компьютердин түзүлүшүндө чоң өзгөрүүлөр болгон. Он миңдеген элементтер тырмактай болгон пластинага батырыла турган микросхемалар колдонула баштаган соң, азыркы биз колдонуп жүргөн ыңгайлуу, персоналдык компьютерлер пайда болгон. Булар тексттик маалыматтарды гана иштеп тим бол бостон, графика жана силер жакшы көргөн мультфильмдерди да жарата алат. Ал гана эмес музыка жазып, аны кайрадан иштеп чыгат. Мындан 50-60 жыл илгери жазылып калган, бирок убакыттын өтүшү менен сапатын жоготуп койгон Атай Огомбаев, Мыскал Өмүрканова, Сайра Кийизбаева башка белгилүү таланттардын аткаруусундагы обондуу ырлар, мукам күүлөр азыркы учурда компьютердин жардамы менен оңдолуп жазылып, кайрадан элге ырахат тартуулоодо.

"Компьютер жонундо маалымат" улай айтсак, компьютер басма ишинде да кеңири пайдаланылат. Азыр силер окуп жаткан газета, журнал, китептер, анын ичинде ушул материал да компьютерде терилип, калыпка салынган. Бүгүнкү күндө илим менен техниканы компьютерсиз элестетүү кыйын. Телекөрсөтүү, космос, машина курууда, айыл чарбасында, медицинада ал тургай үй тиричилигинде да кеңири колдонулууда, жада калса Силер колдонгон Айфон, Айпэд, Планшет дегендин баары микро компьютер деп койсок да болот. Дүйнөнүн булуң-бурчтарында жашаган элдер бири-бири менен Интернет аркылуу жер шарынын кайсы гана жери менен болбосун, бир нече секунд ичинде байланыша алышат.

Эгерде кызыксаңар, Франция, Испания, Англия, Россиядагы сүрөт галереяларына Интернет аркылуу саякатка чыгып, андагы сүрөт экспонаттары, аларды тарткан улуу сүрөтчүлөр жөнүндө маалымат алсаңар болот. Компьютердик китепканалардан силерди кызыктырган чыгармаларды окуп, каалаган тарыхый фактыларды тактай аласыңар, кинофильм, цирк, жаныбарлар, укмуштуудай онлайн оюндар жана башка көп нерселер менен таанышып, каалаган музыка, обондуу ырларды уксаңар да болот. Деги анын мүмкүнчүлүктөрүн айта берсе түгөнбөйт. Эми ушунча зор милдет аткарган персоналдык компьютердин түзүлүшү менен таанышып көрсөк. Ал негизинен төрт бөлүктөн турат. 1) Компьютерге маалымат берүүчү түзүлүштөр: клавиатура, чычкан же джойстик, 2) Маалыматтарды кабыл алуучу жана аны иштеп чыгуучу компьютердин мээси - процессор же системдик блок, 3) Иштелип чыккан маалымат монитордун экранынан (дисплей) көрүнөт жана принтерден да чыгарса болот, 4) Ал эми программалар жана башка керектүү маалыматтар компьютердин эс-тутумунда сакталат. Клавиатура аркылуу компьютерге маалыматтар киргизилет. Джойстикти силер көбүнчө компьютердик оюндарды ойногондо колдоносуңар.

Чычкан деп аталган түзүлүш менен экрандагы курсорду ары-бери жылдыра аласыңар. Айтмакчы, азыркы кезде компьютердик чычкан бара-бара эскирип TuchScreen технологиясын колдонуп, сенсордук колдун сөөмөйү менен башкарыла турган компьютерлер чыга баштады. Булардан тышкары микрофон (аны эмнеге колдоноору тууралуу өзүңөр жакшылап ойлонуп көргүлөчү), керектүү маалыматтарды сактоо үчүн жана жазып алуу үчүн дискеттер (1,44 мегабайт), дискеттен да көп маалыматтарды батыра ала турган компакт дисктер (700-4700 мегабайтка чейин), андан да көп маалымат батыра алган флэш-дисктер (128мегабайттан 128гигабайтка чейин), андан да көп маалымат батыруучу тышкы маалымат сактоочу дисктер (30Гигабайттан 30Терабайтка чейин) компьютер менен иштөөдө пайдаланышат. Компьютердик маалымат өлчөмдөрү: 1бит = 1символ 1байт = 8бит = 8символ 1килобайт = 1024байт 1мегабайт = 1024килобайт 1гигабайт = 1024мегабайт 1терабайт = 1024гигабайт. "Компьютер жонундо маалымат" ушундай достор.

Жайгаштыруу: 2018-04-18, Көрүүлөр: 22664, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-01-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо