Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Компьютер деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Компьютер деген эмне

"Компьютер деген эмне" - илгертен эле адамдар өзүлөрүнүн эмгектерин жеңилдетүү үчүн ар кандай адам мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүчү физикалык машиналарды жана механизмдерди жасап келишкен. 15-кылымда атактуу Леонардо да Винчи канаттуулардын түзүлүшүн изилдеп, алардын негизинде учуучу аппараттын схемасын түзгөн. Орус окумуштуусу Н. Е. Жуковский (аэродинамиканын негиз салуучусу), канаттуулардын учуу механизмин изилдеп учак жасаган. Ал эми компьютер жаатындагы биринчи эсептөөчү түзүлүштү 1832-жылы Чарльз Бэббидж ойлоп чыгарган. Биринчи "ENIAC" аттуу электрондук эсептөөчү машина (ЭЭМ) 1946-жылы АКШда жасалган. Ал компьютердин мүнөздөмөлөрү: 18900 электрондук лампалар, секундасына 5 миң кошуу операциясы, разряддуулугу 30бит, оперативдик эси 600 битти түзгөн.

СССРдеги биринчи ЭЭМ МЭСМ (Малая Электронная Счетная Машина) аталышта болуп, С. А. Лебедев тарабынан 1951-жылы чыгарылган, анын мүнөздөмөлөрү: 6000 электрондук лампа, секундасына 5 миң кошуу операциясы, разряддуулугу 16 бит, оперативлик эси - 1800 бит болгон.

Персоналдык компьютер (ПК) 1976-жылы Apple фирмасы тарабынан чыгарылган. СССРде персоналдык компьютерлер 1985-жылы пайда болгон. Кыргызстанда болсо 1988-1989-жылдары келе баштаган.

Компьютерлердин эки негизги классы бар:
1.Санариптик компьютерлер, маалыматтарды сандык коддор аркылуу иштетет.
2.Аналогдук компьютерлер, токтоосуз алмашуучу физикалык чоңдуктарды иштетет.

Өзүнүн багытталышы боюнча компьютер - маалымат менен иштөөчү универсалдык техникалык түзүлүш. Түзүлүш принциптери боюнча компьютер - маалымат менен иштөөчү адамдын модели.

"Компьютер деген эмне" - компьютер маалыматтарды иштетип, эсептөөлөрдү жүргүзүүчү, ошондой эле символдорду манипуляциялоо менен башка тапшырмаларды аткаруучу программдык электрондук түзүлүш. Башкача айтканда компьютер - бул программдык-башкарылуучу электрондук түзүлүштөрдүн комплекси.

ЭЭМ архитектурасы - колдонуучуга жана программистке жетиштүү болгон түзүлүштөрдүн жана компьютердин иштөө негиздеринин баяндалышы. Башкача айтканда техникалык мүнөздөмөлөрүнүн терендеп билүүсүз эле электрондук схемалардын, конструкциялык тетиктерисиз түшүнүгү.

Архитектура компьтюердин иштөө негизин, маалыматтык байланыштарды жана өз ара логикалык түйүндөрдүн кошулуусун аныктайт.

Архитектура өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1)Программалоонун колдонуучулук мүмкүнчүлүктөрүнүн баяндалышы;
2)Командалар жана даректөө системаларынын баяндалышы;
3)Эстин уюштуруусун ж. б.

Компьютердин түзүлүш схемасын Джон Фон Нейман 1946-жылы сунуштаган, ал негизде көпчүлүк жаатта заманбап компьютерлерде сакталып калган.

Джон Фон Нейман негиздери:
1)Программдык башкаруу негизи (программа командалар тобунан турат, алар процессор тарабынан арты-артынан белгилүү бир ырааттыкта аткарылат);
2)бир өңчөй эс негизи (программалар жана маалыматтар бир эле эсте сакталат);
3)даректүүлүк негизи (оперативдик эс номерленген ячейкалардан турат жана процессорго алар каалаган учурда жеткиликтүү)

Персоналдык компьютер - универсалдуу ЭЭМ, жана жеке колдонууга багытталган. Негизи персоналдык компьютер акчык архитектура негизинде проектиленет:
1)Персоналдык компьютердин иштөө негизинин жана анын конфигурациясынын баяндалышы, компьютерди өзүнчө түйүндөрдөн жана тетиктерден чогултууга мүмкүндүк берет.
2)Колдонуучу тарабынан ар кандай түзүлүштөрдү кошуу үчүн персоналдык компьютердин ичиндеги кеңейтилүүчү уячалардын болушу.

Компьютердин функционалдык схемасы. Компьютерде иштөө үчүн төмөнкү түзүлүштөр зарыл:

Hardware - аппараттык камсыздоо, башкача айтканда программанын жардамы менен адам башкарып, компьютерден маалымат алуучу физикалык түзүлүштөр.

Software - программдык жабдуу, башкача айтканда ар кандай маалыматтарды иштетүү үчүн зарыл болгон программалардын жыйындысы.

Кошумча маалыматтар:

"Компьютер деген эмне" деп бирөө сураса, ушуларды айтып берип койгула. Компьютер боюнча бул макала жетишсиз болсо, сайтыбыздагы издөө формасына "компьютер" деп жазып, издесеңиз, компьютер жөнүндө дагы абдан көп макалаларды табасыз.

Жайгаштыруу: 2018-01-11, Көрүүлөр: 19420, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-01-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо