Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

комузум

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | комузум

Созу, обону С. Жумаевдики

Кечээ армияда жургондо,

Ала барган комузум.

Асмандан мина келатса,

Амал кылып окопко

Жата калган комузум.

Озум менен фронтко,

Кошо барган комузум.

Ажыдаардай фашистин

Алдынан

Тосо барган комузум.

Эй, далай майор, капитан:

«А ну давай пасмотрим,

Что такой инструмент» деп

Кармалаган комузум.

Мен жарадар болгондо,

Ыйлап турган комузум.

Калганымды артымдан

Жыйнап турган комузум.

Байкуш бала кантет деп,

Сыйлап турган комузум.

Согушту коздой бет алса

Олсо эми мейли деп

Чуркап чыгат чалкалап.

Штыковой бой болсо

Ийрендеген фашистти

Кырып салат талкалап.

Батышты коздой бет алсам,

Кочуп калды комузум.

Баштагыдан куч алып,

Оорчуп калды комузум.

Берлинден кармап Гитлердин

Сыртынан жарып боорунан

Отун алды комузум.

Сак-саламат сапарда

Аман кайтты комузум.

Элжуртуна жылмайып,

Аман-эсен жеништуу

Салам айтты комузум.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 606, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу