Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Консерватория

Баш барак | Музыка | Консерватория

Консерватория (музыкалык окуу жай) — негизги ишмердүүлүгү адамдардын кайсы бир категориясын музыкалык аспаптарда ойноого, ырдоого, музыка теориясына, музыка тарыхына окутуучу мекеме. Уюштуруучулук формалары, шарттары жана окутуу деңгээли максаттарга, контингентке, аймактык салттарга жана башка факторлорго жараша болот.

Силер консерваториянын чоң, жарык жана кооз залына келдиңер. Маанайыңар майрамдагыдай, салтанаттуу. Азыр концерт башталат. Сахнада музыканттар, артисттер олтурушат, колдорунда музыкалык аспаптар. Бул оркестр. Дирижёр чыгат. Зал жымжырт. Ал таякчасын шилтеди эле, музыка ойноло баштады.

Тыңшагылачы оркестр кандай шайкеш, кылдат ойноп, музыканттар бири-бирин бузбастан, ар кимиси өзүнө таандык күү ыргагын кандай чебердик менен аткарып жатат! Мына ушундай мыкты ойноого үйрөнүү, хорго же оркестрге жетекчилик кылуу, опера театрында ырдоо же атайын залдарда, радио жана телекөрсөтүү боюнча концерт берүү үчүн консерваторияны бүтүрүү керек. Биздин өлкөдө музыкалык жогорку окуу жайы ушундайча аталат. Консерватория деген эмне? Консерваторияда комузчуларды, пианисттер менен (кыл) кыякчыларды, үйлөмө жана урма аспаптарда ойноочуларды, ырчылар менен дирижёрлорду, композиторлорду даярдап чыгарат.

Музыканттар — талыкпаган мээнеткеч адамдар. Алар көп жыл бою өз устаттарынын жетекчилигинде, андан кийин өмүр бою оз алдынча окушат, үйрөнүшөт. Консерватория деген сөз мындан төрт жүз жыл мурда Италияда пайда болгон. Жетим балдардын үйүн ушинтип аташчу. Аларды өтүк ултарууга, дубал сырдоого, ошондой эле ырдоого жана музыкалык аспаптарда ойноого үйрөтүшчү. Бара-бара музыканттарды окутуучу атайын мектептерди гана консерватория деп атап калышкан. Россияда алгачкы консерватория 1862-жылы Петербургда (азыркы Санкт-Петербургда), 1866-жылы Москвада ачылган. Азыр Москва консерваториясы улуу орус композитору Пётр Ильич Чайковскийдин ысымында. Ал эми Санкт-Петербург консерваториясына дагы бир орус композитору Николай Андреевич Римский-Корсаковдун ысымы берилген.

Кыргызстандагы «Кыргыз улуттук консерваториясы» 1993-жылы ачылган. 1998-жылы консерваторияга Улуттук деген макам берилген. Анын эл аспаптар оркестри, хор, кыл кыякчылар ансамбли, музыкалык-эстетикалык борбору, үн жазуучу студиясы бар. Кыскасы, консерватория музыканттарды даярдай турган жай.

Жайгаштыруу: 2018-04-18, Көрүүлөр: 1130, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-01-06
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу