Конституциялык мыйзам

Конституциялык мыйзам – бир катар өлкөлөрдө конституциялык укуктун негизги булактарынын бири. Бир өлкөлөрдө (француз тилдүү өлкөлөрдө, Румынияда ж. б.) – бул конституцияга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам, башкаларда (РФ, Казакстан, КР) К. м. конституцияда каралган маселелер боюнча кабыл алынат. Биринчи учурда К. м. кабыл алуу жолжобосу конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн жолжобосу менен дал келет, экинчи учурда конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн айырмаланган, атайын (татаалдаштырылган) тартипте кабыл алынат. Айрым өлкөлөрдө жалпысынан ошол мамлекеттин конституциясын түзгөн мыйзамдардын жыйындысы К. м. (м.: Швеция) деп аталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)